Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов жана анын жубайы менен Президенттин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратында жолугушту. Мамлекет башчысы Апас Жумагуловдун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, айрыкча, ал өкмөттү жетектеп турганда, өлкө татаал кырдаалга туш болгондо, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун тапканын белгиледи. Садыр Жапаров Апас Жумагуловдун жетекчилиги […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат: 1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентинин ишке ашырылышын координациялоо […]Читать далее
Кыргызстанда техникалык билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө, квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон зор салымы үчүн Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети “Даңк” ордени менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына 17-сентябрда болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Астана шаарында “Борбор Азия – Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышты. Ошондой эле ал Германиянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Президент бизнес-делегация мүчөлөрүнүн көңүлүн гидроэлектростанцияларды куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кыргыз тарап […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында Астана шаарында “Германия – Борбор Азия” саммитинде сөз сүйлөдү. Төмөндө мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү: “Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Урматтуу Федералдык канцлер мырза, Урматтуу мамлекет башчылары, Экинчи Саммиттин катышуучуларын – Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин жана Германиянын Федералдык канцлерин көргөнүмө чын дилимден кубанычтамын. Казакстандын президенти урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында Астана шаарында Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Европа биримдигиндеги биздин маанилүү өнөктөшүбүздүн бири болгон Германия менен түзүлгөн достук мамилелерди жогору баалаарын белгиледи. Ал кыргыз-герман кызматташтыгы активдешип жатканына канааттануусун […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Астана шаарында Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушуу өткөрдү. Германиялык бизнестин өкүлдөрү менен учурашып жатып, мамлекет башчысы бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жардам берерине ишенимин билдирди.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Борбор Азия мамлекет башчылары менен Германиянын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди. Мамлекет башчынын борту Казакстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси Галымжан Койшыбаев жана башка расмий адамдар тосуп […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, иш сапары менен Казакстанга “Борбор Азия-Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти. Расмий делегациянын курамындагылар: – тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; -президенттин пдминистрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; – Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев; – жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев; – транспорт жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Казакстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Сапардын алкагында мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Германиянын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат. Тараптар регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө Борбор Азия регионунун Германия менен кызматташуусун […]Читать далее