Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Түркия Президентинин кортежи атчандардын коштоосунда “Ынтымак Ордо” имаратына келди. “Ынтымак Ордонун” флагштокторуна Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун катарын улуттук кийимчен жоокерлер толуктап турду, килемдер төшөлдү. […]Читать далее
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 4-ноябрда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. Эл аралык “Манас” аэропортунда Түркиянын лидерин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулуп, Ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Режеп Тайып Эрдоган менен саламдашып, ага […]Читать далее
“Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Улуттук авиациялык системаны чыңдоо, ошондой эле анын ачык-айкындуулугун, ишенимдүүлүгүн жана эл аралык талаптарга шайкештигин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат: 1. Жаңы түзүлгөн авиакомпанияларга Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда, Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инмин Янды кабыл алды. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын кызматташтыгынын 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң колдоо көрсөткөндүгү үчүн банкка ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканын, бул масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн баса […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, республиканын маданий, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө маданиятты колдоо – жалпы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экендигин баса белгиледи. “Элибиздин руханий […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Бишкектеги жаңыланган Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин салтанаттуу ачылышына катышты. Эскерте кетсек, аталган жайга Мамлекет башчысынын пландан тышкары барып келгенден кийин, анын тапшырмасы менен 2023-жылдын июль айында циркти капиталдык оңдоо иштери башталган. Реконструкциялоонун алкагында масштабдуу оңдоо иштери жүргүзүлдү: электр системалары жана канализация алмаштырылды, пол жана […]Читать далее
Акыркы жылдары Кыргызстанда авиацияны өнүктүрүүгө жана авиация тармагынын коопсуздугунун стандарттарын жогорулатууга басым жасалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, улуттук авиациялык системаны ачык-айкын, ишенимдүү жана эл аралык талаптарга толук шайкеш келтирүү үчүн олуттуу иштер жасалды. Бул аракеттердин бири Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин бир жыл ичинде Жарандык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Улутубуздун жүзүнө айланган урматтуу маданият ишмерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Элибизди эл катары сактап да, даңктап да келаткан бул – эне тилибиз менен маданиятыбыз. “Он сегиз […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды. Мамлекет башчысы Ерлан Кошанов менен кыргыз жергесинде салам алышып жатып, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер тереңдеп, практикалык мааниге ээ болуп жатканын, ал эми мамлекеттер аралык саясий диалог бардык деңгээлде активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Садыр Жапаров […]Читать далее
Бүгүн, 1-ноябрда, Бишкектеги “Ала-Тоо” борбордук аянтында Кыргызстандын президенти – Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чара 1924-2024-жылдар аралыгында ата мекендик милициянын калыптануу жолун чагылдырган даректүү тасма жана театралдаштырылган ретро-оюн көрсөтүү менен башталды. Салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орун алып жаткан өзгөрүүлөр менен жаңы […]Читать далее