Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 21-24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу алкагында Нью-Йоркко (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапары аяктады. 22-сентябрда Мамлекет башчысы Келечек саммитине катышты. Иш-чарада сөз сүйлөп, Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын фонддорун, ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоодо маанилүү роль ойногон башка […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү: “Урматтуу Генералдык катчы, Урматтуу Төрага, Урматтуу делегация башчылары, Урматтуу айымдар жана мырзалар, Африка мамлекеттерин жана урматтуу Филемон Янгды Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Төрагасы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Финляндия Республикасынын Президенти Александер Стубб менен жолугушту. Кызматташтыкты тереңдетүү маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланды. Мамлекет башчысы 2025-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда (ЕККУ) төрагалык кылуу Финляндияга өтүп жаткандыгы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда кызматташууга тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Президент Садыр Жапаров эки тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун […]Читать далее
Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты. Дебат башталар алдында Мамлекет башчысы жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин саламдашуу салтанаты болуп өттү. Андан соң БУУнун Башкы катчысы дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышкан дебаттардын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасында элдик бийликтин негиздерин, улуттук аң-сезимди, элдин биримдигин жана ынтымагын мындан ары бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат: 1. Бишкек […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Мамлекеттик тил – эгемен мамлекеттин эң башкы белгилеринин бири. Биздин тарых-таржымалыбыз менен көөнө маданиятыбыз эне тилден башат алат. Улут уңгусуна, анын нарк-насилине […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан Келечек саммитинин талаасында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Экономикалык, инвестициялык жана билим берүү чөйрөлөрүндө кыргыз-герман кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Германияга туруктуу өнүгүү жана социалдык-экономикалык реформалар жаатындагы ар дайым колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Федералдык канцлер […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Нью-Йоркто (АКШ) өтүп жаткан Келечек саммитинин талаасында Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен жолугушту. Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын негизги маселелери саясий диалогду жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө контекстинде талкууланды. Ал Кыргызстан Европа биримдигинин өлкөнүн прогрессивдүү жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого кошкон салымын жогору баалай […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Катчылыгынын имаратында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Жолугушуунун алдында Садыр Жапаров БУУнун ардактуу коноктор китебине Уюмга жакшы каалоо-тилектери менен жазуу калтырды. Антониу Гутерриш Мамлекет башчысы менен учурашып жатып, анын Кыргызстанга болгон сапарында көрсөтүлгөн меймандостугу жана жылуу мамилеси […]Читать далее