Добуштар уурдалат, шайлоо жыйынтыгы бурмаланат дегенге негиз жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Мамлекет башчысы белгилегендей, азыр шайлоолор мурункудай эмес, “карусель” аркылуу бюллетендерди таңгактап урнага таштаган учурлар жок жана бардык процесстер автоматташтырылган. Бишкекте же облустардын борборунда туруп ар кыл айылдардагы өздөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлай алышат. “Бир шайлоо тилкесинен бир […]Читать далее
Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Азербайжандын Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинде сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу төрага, Урматтуу делегация башчылары, Урматтуу айымдар жана мырзалар, Биринчиден, Азербайжанды КОП-29ду өткөрүүсү менен куттуктап, климаттык аракеттер боюнча дүйнөлүк лидерлердин Саммитин мыкты уюштургандыгы үчүн урматтуу Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарындагы (Азербайжан Республикасы) Олимпиада стадионуна келди. Иш-чаранын катышуучулары парник газдарынын чыгарылышын азайтуу боюнча чараларды, климатты каржылоо маселелерин, энергетикадагы технологиялык инновацияларды, жаш муундарга билим берүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган жаштардын демилгелерин колдоону талкуулашат. Конференцияга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарына (Азербайжан Республикасы) иш сапар менен келди. Мамлекет башчынын учагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду. Эске салсак, иш сапардын алкагында 12-ноябрда Мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Эр-Риядга (Сауд Аравия Королдугу) жасаган иш сапарын аяктап, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Азербайжан Республикасына жөнөп кетти. Баку шаарында 12-ноябрда Мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт. Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королдугу) болгон иш сапарынын алкагында Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз Саммитинде сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө уланып жаткан кризис шартында мусулман дүйнөсүнүн ынтымагынын жана тилектештигинин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал туура бир жыл мурун мүчө-мамлекеттер Палестина элине карата орун алып жаткан зордук-зомбулуктун токтоосун талап кылганын […]Читать далее
Садыр Жапаров Кветта шаарындагы терактка байланыштуу Пакистандын президентине жана премьер-министрине
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Пакистандын Президенти Асиф Али Зардариге жана өлкөнүн Премьер-министри Шахбаз Шарифке Кветта шаарындагы темир жол вокзалында болгон терактка байланыштуу көңүл айтты. “Пакистандын Кветта шаарында террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана […]Читать далее
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-июнунда Астана шаарында кол коюлган 2009-жылдын 9-июнундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Протокол менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун өз алдынча финансылык институт […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королдугу) болгон иш сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушту. Мындан ары кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Мамлекет башчысы Фонддун ар кыл тармактардагы долбоорлорду каржылоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты – жумуш берүүчү жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдар тарабынан кызматкердин алдындагы жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизүү болуп эсептелет. Кабыл алынган […]Читать далее