Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Баку шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясынын алкагында Маврикий Республикасынын Президенти Дхарамбир Гокхул менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтык маселелерин, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча, анын ичинде санариптештирүү жана каржы сектору чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү келечегин талкуулашты. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясына катышууда. Иш-чаранын алдында Мамлекет башчысын Азербайжандын Президенти Илхам Алиев жана БУУнун Калктуу конуштар боюнча программасынын (UN-Habitat) аткаруучу директору Анаклаудия Росбах тосуп алышты. Саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин делегация башчылары форумга катышуу үчүн залга бет […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Ардактуу энелер! Кымбаттуу мекендештер! Сиздерди Энелер күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Кыргыз элинде байыртадан эле айтылып келе жаткан “Эне – үйдүн куту” деген сөз – көчмөн элибиздин турмушунан, дүйнө таанымынан жана кылымдар бою калыбын бузбай, таасирин жазбай сакталып келаткан нарк-насилинен келип […]Читать далее
Садыр Жапаров кесиптештерине кайрылып, БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Кыргызстанды колдоону
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Фейсбуктагы өзүнүн жеке баракчасы аркылуу кесиптештерине кайрылып, БУУнун Коопсуздук кеңешине өтүүчү шайлоодо Кыргызстанды колдоону өтүндү. “Урматтуу мамлекет башчылары, 2026-жылдын 3-июнунда Нью-Йорк шаарында өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоосунун алдында сиздерге кайрылып жатам. Бүгүнкү күндө дүйнөдө геосаясий атаандаштык күчөп, эл аралык укуктун универсалдуулугу алсырап, чыр-чатактардын келип чыгуу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда Азербайжанга иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду. Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын саламаттык сактоо министри Теймур Мусаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Иш сапарынын жүрүшүндө мамлекет башчысы Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясынын ишине катышат. Белгилей […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө», «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты жарандардын ден соолугун жол берилген деңгээлден ашкан үн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылары менен биргеликте “Азрет Султан” улуттук тарыхый-маданий музей-коругуна жана Кожо Ахмед Ясавинин күмбөзүнө барды. Мамлекет башчылар “Азрет Султан” музейинин “Сейрек кездешүүчү экспонаттар залынын” экспозициялары менен таанышты. Лидерлерге Кожо Ахмед Ясави күмбөзүнүн тарыхына жана түрк дүйнөсүнүн бай руханий мурасына […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитинде сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү саммиттин темасы “Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү” – заман талабына ылайык, өзгөчө актуалдуу маселе болуп саналарын баса белгиледи. Ал дүйнө терең өзгөрүү баскычында турганын, ал эми технологиялардын ыкчам өнүгүүсү экономикага, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн бейформал саммитинин алкагында “Түрк цивилизациясынын борборун” пайдубалынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты. Азем Азербайжан президенти Илхам Алиев, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда видеоконференция режиминде өттү. “Түрк цивилизациясынын борбору” долбоору түрк элдеринин тарыхый-маданий мурастарын сактоого, изилдөөгө […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Казакстандын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышууда. Иш-чара башталар алдында уюмга мүчө-өлкөлөрдүн делегация башчыларын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.Читать далее