“КСДПны колдоо жана Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча резолюция кабыл алган Европарламенттин депутаттарына кайрылып кетким келип жатат. Мен сиздерге берчү жоопту өзүңүздөрдүн эле кесиптешиңер, Франциянын депутаты Тьерри Мариани берип койду. Ал кесиптештерин бир тараптуу пикирлерди таратпоого, фактыларга таянууга чакырды”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, үчүнчү Элдик Курултайдын жүрүшүндө делегаттын суроолоруна жооп […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров: “Мамлекет аймактардын жашоочулары үчүн ипотекалык турак-жайдын жеткиликтүүлүгүн
“Мамлекет аймактардын жашоочулары үчүн ипотекалык турак-жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт”, – деп бүгүн, 21-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үчүнчү Элдик Курултайдын жүрүшүндө делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып белгиледи. Делегаттардын көбү аймактарды турак-жай менен камсыз кылуу, социалдык тармактын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу тууралуу маселени козгошту. Мамлекет башчысы учурда облустук маанидеги шаарларда, орто жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Олаф Шольцко Магдебург шаарында болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Германиянын Магдебург шаарында болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул окуянын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Магдебургдагы трагедияга байланыштуу Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “2024-жылдын 20-декабрында Магдебург шаарындагы Рождество базарында автоунаанын сүзүшүнөн улам адамдардын курмандыгына жана жаракат алышына алып келген кырсык тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул кырсыкта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл […]Читать далее
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен Үчүнчү Элдик Курултай өтүүдө. Бүгүн, 20-декабрда, анын ишинин биринчи күнү болуп өттү. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат катышты. Ошондой эле чет өлкөдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү келишти. Иш-чара өлкөнүн акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу тасманы көрсөтүү менен башталды. Андан кийин Мамлекет […]Читать далее
Социалдык контракт долбоорунун алкагында 3 жыл ичинде 35 миңге жакын үй- бүлөгө көмөк көрсөтүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайдагы кайрылуусунда билдирди. “Социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Анын алкагында 3 жыл ичинде аз камсыз болгон 35 миңге жакын үй-бүлөгө кайтарымсыз негизде 100 миң сомдон берилди. Жалпысынан 3,3 млрд […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, элге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана III Элдик Курултайдын делегаттарына өлкөдөгү абал, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары тууралуу кайрылуу жасады. Үчүнчү Элдик Курултайга 698 делегат, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын делегаттары катышууда. Мамлекет башчынын атынан эң улуу делегат 98 жаштагы Улукбек Эргешевге белек […]Читать далее
Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери менен ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Эгемен мамлекетибиздин коопсуздугун, анын аймактык бүтүндүгүн ички-тышкы коркунучтардан коргоо милдети сиздерге ишенип тапшырылган. Бул ыйык вазыйпаны так аткаруу […]Читать далее
Президенттин “КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө” жарлыкка
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин ишин эксперттик-талдоочулук колдоону өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алынып, токтом кылынат: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 94 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө” […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук илимдер академиясына барды. Мамлекет башчысы жаңыланган лабораторияларды, изилдөө борборлорун жана илимий залдарды, реконструкциялоонун алкагында орнотулган заманбап жабдууларды көрүп чыкты, салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борборунун көргөзмөсүнө барды, Академиянын окумуштуулары жана кызматкерлери менен жолугушту. Президент бүтүндөй бир мамлекеттин интеллектуалдык флагманы болгон Улуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө […]Читать далее