Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Астана шаарында Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушуу өткөрдү. Германиялык бизнестин өкүлдөрү менен учурашып жатып, мамлекет башчысы бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жардам берерине ишенимин билдирди.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Борбор Азия мамлекет башчылары менен Германиянын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди. Мамлекет башчынын борту Казакстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси Галымжан Койшыбаев жана башка расмий адамдар тосуп […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, иш сапары менен Казакстанга “Борбор Азия-Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти. Расмий делегациянын курамындагылар: – тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; -президенттин пдминистрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; – Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев; – жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев; – транспорт жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Казакстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Сапардын алкагында мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Германиянын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат. Тараптар регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө Борбор Азия регионунун Германия менен кызматташуусун […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта (U20) байгелүү орундарды ээлеген жаштар жана алардын мугалимдери менен жолугушту. Садыр Жапаров жаш интеллектуалдарды жана спортчуларды куттуктап жатып, соңку жылдары мамлекет кайсы гана тармакка болбосун, анын ичинде өлкө байрагын чет жерде желбиретүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров администрациянын, мамлекет башчысынын Иш башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте бүгүн, 14-сентябрда, “Теплые ключи” дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембилик өткөрдү. Ишембиликтин катышуучулары анын аймагын тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Садыр Жапаров кызматкерлери менен баарлашып, ар бир кыргызстандыкты тазалыкты жана тартипти сактоого чакырды. “Өлкөбүзгө көбүрөөк туристтерди тартууга умтулсак, […]Читать далее
Садыр Жапаров Вьетнамдын президентине тайфундун кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу
Президент Садыр Жапаров Вьетнам Социалисттик Республикасынын президенти То Ламга “Яги” тайфунунун кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Вьетнамда “Яги” тайфун апаатынан көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Балыкчы шаарында Имангали Тасмагамбетов байкоо салган ЖККУнун Жамааттык ыкчам аракеттенүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда “Ас-Сафа” Кувейт кайрымдуулук фондунун төрагасы Мохаммад Абдурахман Альшаяны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө гуманитардык жана социалдык тармактардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин Кыргызстандагы билим берүү, социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун колдоого багытталган ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров социалдык жана билим берүү объектилерин курууда, ошондой эле […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолугуп, Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык иретинде унаа белек кылды. Мамлекет башчысы Акмаль Хасанов менен болгон баарлашууда анын бул жасаган кадамы Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын баса белгиледи. “Дүйнө жүзү Борбор Азия […]Читать далее