Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн дүйнөгө белгилүү скрипкачы Даниэль Лозакович менен атактуу пианист Элен Мерсьенин классикалык музыка концертине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Музыканттар биринчи жолу өз таланттарын бириктирип, эмоцияга толгон жана техникалык жактан мыкты уникалдуу программа түзүп, Бахтын, Брамстын сонаталарын жана виртуоздук пьесаларды аткарышып, көрүүчүлөрдү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 21-24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн иш сапары менен Американын Нью-Йорк шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “22-сентябрда Мамлекет башчысы Келечек саммитинин ишине катышат, анын алкагында “Келечек пактынын” жыйынтыктоочу документи кабыл алынат. 24-сентябрда, өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров БУУнун Башкы […]Читать далее
Президент Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлерин 100 жылдык мааракеси менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлерин 100 жылдык мааракеси менен куттуктады. Мамлекет башчысы иш-чаранын алдында жүз жылдык тарыхты чагылдырган окуялар жана инсандардын фотогалереясын көрүп чыкты, ошондой эле конокторго өлкөнүн сот тутумунун калыптанышы жөнүндө тасма тартууланды. Андан соң Президент Садыр Жапаров салтанаттуу иш-чарада куттуктоо сөз сүйлөдү: “Cот тутумунун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда “Ынтымак Ордодо” бир катар чет өлкөлөрдүн сот тутумунун жетекчилерин кабыл алды. Мамлекет башчысы Түркия Республикасынын Жогорку кассациялык сотунун төрагасы Өмер Керкез, Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Инам Керимов, Молдова Республикасынын Жогорку сот палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу Стела Прокопчук, Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун төрагасы Алексей Дронов, Көзкарандысыз Мамлекеттер […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов жана анын жубайы менен Президенттин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратында жолугушту. Мамлекет башчысы Апас Жумагуловдун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, айрыкча, ал өкмөттү жетектеп турганда, өлкө татаал кырдаалга туш болгондо, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун тапканын белгиледи. Садыр Жапаров Апас Жумагуловдун жетекчилиги […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат: 1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентинин ишке ашырылышын координациялоо […]Читать далее
Кыргызстанда техникалык билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө, квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон зор салымы үчүн Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети “Даңк” ордени менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына 17-сентябрда болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Астана шаарында “Борбор Азия – Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышты. Ошондой эле ал Германиянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Президент бизнес-делегация мүчөлөрүнүн көңүлүн гидроэлектростанцияларды куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кыргыз тарап […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында Астана шаарында “Германия – Борбор Азия” саммитинде сөз сүйлөдү. Төмөндө мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү: “Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Урматтуу Федералдык канцлер мырза, Урматтуу мамлекет башчылары, Экинчи Саммиттин катышуучуларын – Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин жана Германиянын Федералдык канцлерин көргөнүмө чын дилимден кубанычтамын. Казакстандын президенти урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында Астана шаарында Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Европа биримдигиндеги биздин маанилүү өнөктөшүбүздүн бири болгон Германия менен түзүлгөн достук мамилелерди жогору баалаарын белгиледи. Ал кыргыз-герман кызматташтыгы активдешип жатканына канааттануусун […]Читать далее