Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-августта Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Россиянын президенти Владимир Путиндин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Аляскада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча пикир алмашышты. Садыр Жапаров россиялык-америкалык саммит ишенимди бекемдөөгө жана глобалдык чыңалууну басаңдатууга карай маанилүү кадам болгонун белгиледи. Ал ошондой эле кыргыз тарап Россия Федерациясы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, кыргызстандыктарды табиятты таза сактоого чакырды. “Бүгүн дем алыш күнү Ысык-Көлдүн жээгин жөө кыдырып келдим. Болгону бир километр жээкти видео тасмага тартып алдым. Өзүңүздөр көрүп тургандай бир метр таза жер жок. Жээктин баары таштандыга толуп кеткен. Анысы аз келгенсип автомашиналар менен көлгө чейин кирип алышкан. Көлдүн жээгине […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн өлкөгө келген Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефти кабыл алды. Тараптар эки жактуу күн тартибинин, ошондой эле көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бир катар маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы Иран менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-августта, Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышып жаткан Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасын кабыл алды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларустун премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз курулуштарды бузуу жана ага байланыштуу маселелер боюнча комментарий берди. Ошондой эле өлкө башчысы тышкы саясат тууралуу дагы актуалдуу суроолорго жооп берди. – Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич салтка айланып калгандай коомчулуктагы актуалдуу болуп турган маселелер боюнча сиздин пикирди билели деп байланышып жатабыз. Учурда “снос” сөзү күнүмдүк тиричиликте эң көп колдонулууда. Бул сөз айрыкча […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-августта өлкөгө биринчи расмий сапар менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинди кабыл алды. Кыргыз-россия мамилелеринин актуалдуу маселелери, товар жүгүртүүнү көбөйтүү чаралары, инвестициялык өз ара аракеттенүү келечеги, ошондой эле билим берүү, маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү талкууланды. Мамлекет башчысы мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде Кыргызстан менен Россияны союздаштык байланыштарды […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам Кыргызстанда эркин экономикалык зоналарды (мындан ары – ЭЭЗ) түзүүнү жана жоюуну укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында даярдалган. Сунушталган мыйзам менен аларга ылайык ЭЭЗ министрлер кабинетинин чечими боюнча түзүлө […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам улуттук жана чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тике инвестицияларды жүзөгө ашырууда келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салуу максатында даярдалган. Мыйзам мамлекеттин инвестициялык саясатынын принциптерин белгилейт, инвесторлордун укуктарын камсыз кылуунун кепилдиктерин, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-августта, VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун катышуучуларына куттуктоо сөзүн жолдоду, аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев окуп берди. Мамлекет башчысынын сөзү: «Урматтуу достор! Ысык-Көл жээгинде өтүп жаткан VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун катышуучулары болгон […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарын, ошондой эле жүрүм-турумдук жана моралдык баалуулуктарын, инсандын рухий-жүрүм турумдук саламаттыгын коргоо болуп саналат. Алсак, ушул мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-беренесине порнографиялык […]Читать далее