Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусунун Талас шаарындагы кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин жаңы объектилеринин ачылыш аземине катышты. Салтанаттуу иш-чарада Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү белгиледи: “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу агайын-туугандар! Кымбаттуу меймандар! Айтылуу кара сөз алпы, биз турган куттуу жердин кулуну Ашым Жакыпбеков агабыздын “Кылымдарга аты калбай өчөөрдө, кыргыз элин кыраан Манас […]Читать далее
КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Акылман” лицейинин ачылышына катышып, ошол эле учурда онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы билимдүү, Мекенин сүйгөн жана татыктуу жаштар эгемен Кыргызстандын негизги коргоочусу экенине басым жасады. “Мына ошондон улам, билим берүү тармагында дагы бир […]Читать далее
КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылыш аземине катышты. Жаңы окуу корпусу ар кандай багыттар боюнча 3000 студентти окутууга ылайыкталган. Имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалып, окуу процессине санариптик технологиялар киргизилген. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук мечиттин ачылыш аземине катышты. Борбордук мечит шаардагы ири руханий борборлордун бири болуп, жергиликтүү тургундар жана шаарга келген коноктор үчүн маанилүү жайга айланат. Төрт кабаттуу имарат бир учурда 4 500 адамды кабыл алууга ылайыкталган. Мечитте кенен намаз окуу залдары, диний […]Читать далее
КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарына арналган 30 заманбап электробустун ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Долбоор Талас шаарынын коомдук транспорт системасын жаңыртуу жана экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда. Электробустарды үзгүлтүксүз пайдаланууну камсыз кылуу үчүн аларга керектүү кубаттоо станциялары жеткирилди. Аларды орнотуу жана электробустарды токтотуу үчүн […]Читать далее
КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Мамлекеттик туу көтөрүү салтанаттуу аземине катышты. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды. Улуттук гвардиянын колбашчысы Мамлекет башчысына рапорт берди. Мамлекеттик гимн жаңырып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик туу – эл-жер үчүн канын-жанын арнаган ата-бабалардын изи, кайрат-күчү, деми туюнтулган […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу төмөнкү жарандар сыйланышты: “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы: Абдыкадыров Рысбай — ырчы, аткаруучу […]Читать далее
КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынына катышты. Белгилей кетсек, Мамлекет башчысынын жана парламент депутаттарынын алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөнкү жаңы мүчөлөрү ант беришти: – Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов; – эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев; – финансы министри Руслан Сүйүналиев; – юстиция министри Алмаз Айылчиев; – […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаарында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер каралды. Жамиля Жаманбаева Мамлекет башчысына Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, иштин негизги жыйынтыктары жана акыркы жылдарда жетишилген натыйжалар, ошондой эле жарандардын укуктарын, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу […]Читать далее
Бүгүн, 5-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин үчүнчү жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар мазмундуу жана предметтүү пикир жана маалымат алмашып, ошондой эле виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн мындан ары өнүктүрүү боюнча конкреттүү милдеттерди аныкташты. Жыйынды […]Читать далее