Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-октябрда, Рим шаарында Италия Республикасынын Сенатынын Спикери Иньяцио Ла Русса менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелер боюнча, анын ичинде мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле регионалдык маселелер жана маданий-гуманитардык кызматташуунун айрым аспектилери талкууланды. Спикер Ла Русса Кыргызстандын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-октябрда, Рим шаарында Италия Республикасынын Депутаттар палатасынын Спикери Лоренцо Фонтана менен жолугушту. Парламенттер аралык дипломатияны бекемдөө, ошондой эле эки тараптуу, регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу темалары боюнча пикир алмашуу болду. Спикер Лоренцо Фонтана Мамлекет башчысын жылуу тосуп алып, Садыр Жапаровдун Италияга жасаган достук сапары эки […]Читать далее
Садыр Жапаров менен Джорджа Мелонинин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони менен сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Мындан тышкары бир катар документтерге кол коюлду: – Кыргызстан менен Италиянын ортосунда экстрадициялоо жөнүндө макулдашуу; – Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу; […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Италия Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Италия Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүлөрдүн алдында Киджи Сарайында расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони ардак кароолдун катарын өтүп, чогуу сүрөткө түшүштү. Андан соң сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-октябрда, Италия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында өлкө Президенти Серджо Маттарелла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Садыр Жапаровду жылуу тосуп алган Серджо Маттарелла Кыргызстандын Президентине Римге жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга кошумча дем берет деген ишенимин билдирди. Италиянын Президенти […]Читать далее
Рим шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттарелла менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчысынын кортежи Квиринале Сарайына келгенде Садыр Жапаров менен Биринчи айым Айгүл Жапарованы Италиянын Президенти Серджо Маттарелла жана анын кызы Лаура Маттарелла тосуп алды. Садыр Жапаровдун келишинин урматына Кыргызстандын желеги салтанаттуу көтөрүлдү. Оркестр эки өлкөнүн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Рим шаарына (Италия Республикасы) барды. Мамлекет башчысынын борту Римдин эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаров менен Биринчи айым Айгүл Жапарованы Италия тараптан Италиянын тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчиси Кристиано Маджипинто, “Алга, Италия” партиясынан Сенатор Франческо Сильвестро, Ватикан тараптан – Ыйык Тактынын Архиепискобу Франческо Каналини, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда расмий сапар менен Италия жана Ыйык Тактыга (Ватикан) жөнөп кетти. Расмий сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө, алардын жүрүшүндө кыргыз-италиялык өз ара мамилелердин бүтүндөй комплекси жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат. Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар: – тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; -президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн […]Читать далее
Учурда өлкө аймагында жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Анын ичинде Өзгөндөгү айланма жолдун курулушу дагы уланып жатат. Айрым оппозициячыл журналисттер аталган жолдун курулушуна УКМК төрагасынын уулунун атын аралаштырууда. “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, пикирин укту. — Саламатсызбы? Салтка айланып калгандай актуалдуу темалар боюнча сизден жооп алып, аны коомчулукка жеткирип келебиз. Бул жолу Өзгөндөгү айланма […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам жергиликтүү кеңештердин сандык курамын белгилейт: – Бишкек […]Читать далее