Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Душанбе шаарында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчылары ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартиби жана Борбор Азия мамлекет башчыларынын алдыдагы Бешинчи […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбе шаарына Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн келди. Мамлекет башчынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу […]Читать далее
Президент Жапаров бүгүн, 13-сентябрда, Бишкекке жакын жайгашкан №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды. Мамлекет башчысы аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөө шарттары менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашты. Аскер бөлүгүнүн аймагындагы совет мезгилинде курулган имараттардын көбү бүгүнкү күндө бир топ эскирген. Мамлекет башчысы кызмат өтөө шарттары менен таанышкан соң, жоокерлер клубунун жана бөлүк штабынын жаңы имараттарын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши (Кеңеш) тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Чүй жана Ош облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 6 талапкер боюнча сунуштар киргизилген. Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген […]Читать далее
Президент БА мамлекет башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбеге
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбе шаарына иш сапар менен барат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт. Сапардын алкагында Садыр Жапаров […]Читать далее
Президент: Тынымсыз иштеп, алдыга умтулуп, кыйынчылыктарды жеңе билген жарандарыбыздын салымы
Бүгүн, 12-сентябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында күндүн экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи уланды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: “Салтанаттуу жыйындын урматтуу катышуучулары! Мамлекеттик сыйлыктарга татыган кадырлуу мекендештер! Бүгүнкү күндө биз ааламдашуу доорунда, технология ыкчам […]Читать далее
Бүгүн, 12-сентябрда, өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Буга чейин Эгемендүүлүк күнүнө карата Президент Садыр Жапаров бир катар ишмерлерге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Күндүн биринчи жарымында Кыргызстандын мамлекетине жана элине сиңирген […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: “Ардактуу сыйлык ээлери! Заманыбыздын кадырлуу каармандары! Урматтуу мекендештер! Кечээ жакында эле Эгемендигибиздин 32 жылдыгын салтанаттуу түрдө белгиледик. Мына ошол Эгемен мамлекетибиздин, эркин элибиздин, демократиялуу коомчулугубуздун өзөгүн өз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берди. Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Белгилей кетсек, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 24 талапкер катышууда.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы өзгөчө шыктуу балдардын президенттик “Акылман” лицейине пландан тышкары барды. Мамлекет башчысы лицейдин окуучулары менен маек куруп, алардын окуу программасы, жетишкендиктери жана келечек пландары тууралуу кызыкты. Ал лицейде көрсөтүлгөн билим деңгээлин жана таланттарын жогору баалап, окуучуларды өнүгүүсүн улантууга жана жаңы бийиктиктерге умтулууга үндөдү. […]Читать далее