Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, өлкөнүн геологдорун кесиптик майрамы — Кыргызстандын Геологунун күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу геология тармагынын кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери! Сиздерди ар жылы апрель айынын биринчи жекшембисинде белгилене турган геологдордун кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Жер казынасын натыйжалуу пайдалануу жаатында туруктуу саясатты камсыз кылуу – […]Читать далее
Президент Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Апрель элдик революциясы күнү – үй-бүлөлүк, кландык бийликти тактан кулаткан, адилетсиздик менен зордук-зомбулукка моюн сунбаган, эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин рухун даңазалаган күн! Элдин эрки менен эсептешпей калган бийликтин арымы кыска, келечеги […]Читать далее
Бүгүн, 6-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров жалпы кыргыз элинин атынан Казакстанда болуп жаткан масштабдуу суу ташкындары тууралуу маалыматты абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын белгиледи. Президент Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Өкмөтү өлкөнүн аймактарындагы табигый кырсыктарды локалдаштыруу жана суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Дене-бойду чыңап, мүнөздү калыптандырып, ар кандай кыйынчылыктарды жеңүүгө, көздөгөн максаттарга жетүүгө эркти тарбиялап, достук мамилеге үндөгөн спорт тармагы, албетте, […]Читать далее
Президент жылуулук менен камсыздоо объекттерин жергиликтүү бийликке өткөрүү жөнүндө жарлыкка
Президент Садыр Жапаров “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. Жарлыкка ылайык жылуулукту иштеп чыгуучу жана жылуулук менен жабдуучу ишканаларды натыйжалуу башкарууну уюштуруу жана ишин оптималдаштыруу, “Электр станциялары” ачык акционердик коомун кайчылаш субсидиялоону болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат: 1. Кыргыз […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө КР Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Жарлыкка кол койду. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат: […]Читать далее
Күн мурун Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Ага депутат Жусупбек Коргонбай уулунун министр жөнүндө айткан акыркы билдирүүлөрү себеп болду. Эл өкүлү чоң трибунадан министр президенттин ишенимине кирип, туура эмес иштерди жасап жаткандыгын айтып чыкты. Депутат — министр тирешине байланыштуу “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, пикирин укту. […]Читать далее
Садыр Жапаров жылуулук менен камсыздоо объектилерин жергиликтүү бийлик органдарынын карамагына
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасын реформалоого боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү. Иш-чара Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, Президенттин Администрациянын жана жергиликтүү бийлик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өттү. Видеоконференцбайланыш режиминде Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери жана райондордун акимдери катышты. Мамлекет башчысы жылуулук менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде, өлкөгө иш сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономдук районунун Элдик ѳкмөтүнүн Төрагасы Эркин Туниязды кабыл алды. Кызматташтыкты кеңейтүү, келечектүү долбоорлор, өзгөчө санариптештирүү, транспорттук логистика, инвестиция, айыл чарба жана гуманитардык багыт сыяктуу тармактар боюнча пикир алмашуу болду. Конок менен салам алышып жатып, Мамлекет башчысы былтыр […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык […]Читать далее