Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жаңы ведомстволук пансионатынын ачылышына катышты. Пансионат Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылында жайгашкан. Өткөн жылы Мамлекет башчынын тапшырмасы менен каралбай калган мурдагы “Дельфин+” пансионатынын аймагы бөлүнүп берилген, ал эми 2022-жылдын декабрынан тарта капиталдык курулуш жана объектти кайра куруу иштери жүргүзүлгөн. Бул […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге бүгүн, 3-июнда, Анкара шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен түрк лидеринин кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу аземине ардактуу конок катары катышты. Салтанаттуу иш-чара 2023-жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында жер титирөөдөн каза болгондорду бир мүнөттүк үн катпай эскерүү менен башталып, андан соң өлкөнүн мамлекеттик […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 16-сентябрында Самарканд шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет статусун алуу максатында Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. (2 июня 2023 года № 115). Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзамдын максаты Шанхай […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге Одиша штатында поезддердин
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге Одиша штатындагы поезддердин кагылышуусунун кайгылуу кесепеттерине байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. «Индиянын Одиша штатынын Баласор шаарында поезддин кырсыгынан улам адамдар курман болду деген суук кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең […]Читать далее
2-3-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары аяктады. Сапардын алкагында Шарль Мишель 2-июнда Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Борбор Азия Мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин Президентинин Экинчи жолугушуусуна катышты. Борбор Азия Мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин Президентинин Экинчи жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча […]Читать далее
Бүгүн, 3-июнда Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында маданий программа уюштурулду. Программа анын кыргыз элинин улуттук маданиятына, каада-салттарына жана үрп-адаттарына болгон кызыгуусунан улам уюштурулду. Этно-комплексте делегация башчыларын “Алптар” аттуу баатырлар жана “Аталар изи” улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты. Коноктор кол өнөрчүлөр […]Читать далее
Бүгүн, 2-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель үчүн расмий кабыл […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти “Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Конституциялык Мыйзам 2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Конституциялык Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын укуктук статусу, укуктук негиздери жана ишинин принциптери аныкталат. Конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышына, Эсептөө палатасынын компетенциясынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош түрк элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү каалады. Өз кезегинде Түркиянын Президенти жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды. Өлкө лидерлери ошондой эле […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу бөбөктөр, кымбаттуу жеткинчектер! Ардактуу кыргызстандыктар! Сиздерди жаркын келечек ээлери болгон балдарыбыздын майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Кайсы гана өлкөнү албайлы, кайсы гана элди албайлы, бала – бул бакыт, бала – […]Читать далее