Президент Садыр Жапаров Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында болгон кайгылуу окуяга байланыштуу Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында орун алган трагедиялуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында өтүп жаткан “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууга катышууда. Уюмга мүчө-мамлекеттердин делегация башчылары менен сүрөткө түшүү аземи болуп өттү.Читать далее
“Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат. Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы “Транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу” болуп саналат. Тараптар жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук өз ара байланышын бекемдөөнү талкуулашат. Саммиттин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Отурум Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өттү. ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча лидерлер тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду: 1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясы. 2. Шанхай […]Читать далее
“Кабыл алынып жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун “Адилеттүү тынчтык жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө” демилгеси, ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин “Ынак коңшулук, ишеним жана өнөктөштүк принциптери жөнүндө” билдирүүсү ШКУнун туруктуу, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн аймагын курууга болгон жалпы умтулуубузду толугу менен чагылдырат”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Казакстан Республикасынын Астана шаарында […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларын тосуп алуу аземине катышты. ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин кезектеги жыйыны Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүүдө. Эгемендүүлүк сарайында саммиттин катышуучуларын Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери сүйлөшүүлөр залына өтүштү. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты. Мамлекет башчысы майрамдык айт намазды мечитке келгендер менен бирге окуду.Читать далее
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. «Жеке өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана боордош элибизди ислам дүйнөсүнүн биримдигинин жана тилектештигинин символу болгон Курман айт майрамына байланыштуу менен чын жүрөктөн куттуктайм. Биз Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы маданий жана тарыхый […]Читать далее
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. «Сиздерди Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Бизди бириктирген бул ыйык майрам жалпы адамзатка бакубатчылык алып келүүсүн Жараткан Алладан тилейм. Өлкөмдүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми боордош […]Читать далее
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. «Сизди жана кыргыз элин ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Биздин элдерди көп сандаган салттар жана жалпы маданий-руханий баалуулуктар, анын ичинде бул бүткүл мусулман уммасы үчүн ыйык майрам бириктирип турат. Анын бекем […]Читать далее