Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Мамлекет башчысы Талас шаарынын аэропортунун жана Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле президент Садыр Жапаров “Бала-Саруу” ГЭСинин ачылышына катышат. Анын расмий ачылышы УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Иран Лидери Аятолла Сейед Али Хоссейни Хаменеиге Президент Ибрахим Раисинин жана аны коштоп жүргөн адамдардын тик учактын кыйрашынан улам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Иран Ислам Республикасынын Президенти Улуу Даражалуу Сейед Эбрахим Раисинин трагедиялуу жагдайда тик учак кырсыгынын кесепетинен мезгилсиз дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда, Бишкекте 17-18-майда болгон окуя боюнча кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: “Урматтуу кыргызстандыктар! Тилекке каршы, коомубуздун турмушунда баарыбызды тынчсыздандырган жагымсыз бир окуяга туш болдук. Ортодо чын-бышыгын билип-билбей, чын-төгүнүн аныктабай, чагымчыл күчтөрдүн азгырыгына жетеленген топтордун кылган ишинин кесепетинен көпчүлүк элибиз, мамлекетибиз жабыр тартып отурат. 13-майда болгон окуяга калпы-чыны аралаш […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Асылзат апалар! Сүйүүктүү энелер! Өлкөбүздө ар жылы жадыраган май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү өзгөчө толкундануу менен белгиленип келет. Себеби бул күн ар бир жарандын жүрөгүндө мээримдүүлүк, боорукерлик сезимин козгоо менен дүйнөдө энеден өткөн ыйык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык токтом кылынат: 1. Жети жана андан көп баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган энелер […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Лю Гочжунду кабыл алды. Соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, инвестициялык тармактарда өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды. Президент Садыр Жапаров мейманды тосуп алып, азыркы учурда Кыргызстандын Кытай менен мамилелери өз ара пайдалуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү боюнча активдүү динамика менен […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров жарандарды турак жай менен камсыздоонун үчүнчү баскычы башталганын жарыялады. Ал учурда Кыргызстанда анын тапшырмасынын негизинде көпчүлүк жарандар үчүн көйгөйлүү маселе – турак жай менен камсыздоону чечүү багытында иштер кызуу жүрүп жатканын белгиледи. “Бул – Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жана мамлекеттик кызматта иштегендерге эле эмес, жеке жактарга […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын орун басары – БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда Уюмдун маанилүү ролун белгилеп, Кыргызстан конфликттерди […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган […]Читать далее
Өткөн аптада президент Садыр Жапаров маек берип, социалдык тармакта тараган белгисиз алтын куймаларга окшош видео жөнүндөгү суроолорубузга жооп берген. Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев дагы сөздү улай жергиликтүү радиолордун биринде алтын тууралуу кеп козгоп, бийликти сынга алуу менен мамлекет башчынын бир тууган агасын да сөзүнө кошуп кеткен. — Жогорку Кеңештин депутаты Исхак […]Читать далее