«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринин «алтын сертификаттын» ээси болгон бүтүрүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Садыр Жапаров «алтын сертификат» ээлерине жана жогорку балл алгандарга Кыргыз Республикасынын Президентинин мактоо грамоталарын жана эстелик белектерин тапшырды. Быйыл Кыргызстандын мектептеринин 58 бүтүрүүчүсү «алтын сертификат» менен сыйланышты.Читать далее
“Жыл өткөн сайын, ата-энелер балдарынын билим алуусуна инвестиция салуунун артыкчылыктарын аңдап-түшүнө баштаганы мени абдан кубандырат”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча “Алтын сертификаттардын” ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо салтанатында. Мамлекет башчысынын сөзү: «Урматтуу бүтүрүүчүлөр – алтын сертификатка ээ болгон мектеп мыктылары! Мына бүгүн 67 […]Читать далее
Президент капиталдык реконструкциядан кийинки «Теплые ключи» санаторийлик-курорттук комплексине барды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, капиталдык реконструкциядан өткөн «Теплые ключи» санаторийлик-курорттук комплексине барды. Чүй облусунда жайгашкан «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекси энергетика тармагынын кызматкерлери үчүн өндүрүштүн зыяндуу шарттарынан дарылоо, саламаттыгын чыңдоо жана эс алуу максатында ишке киргизилген. Аталган комплексте узак жылдар бою эч кандай оңдоо иштери жасалган эмес. Бардык тазалоочу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоодо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жакшыртуу максатында кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзам “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү иш боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 28-декабрындагы чечимин ишке ашырууга багытталган. Мыйзам менен Кыргыз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык бажы органдарына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу: Урматтуу ден соолук сакчылары! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Медицина кызматкери – өзгөчө кесип! Адамдардын ден соолугуна кам көрүп, узак өмүр тартуулоо менен өз жашоосун ары жоопкерчиликтүү, ары аздектелген ишке байлаган адамдардын кесиби. Улуттун саламаттыгы – өлкөбүздүн башкы баалуулугу! Ошондуктан социалдык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-июлда, Шуша шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башчыларынын бейформал Саммитине катышты. Бейформал Саммит Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин төрагалыгы алдында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду: 1. Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал Саммитинин Карабах Декларациясы; 2. Түрк мамлекеттер […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-июлда, Азербайжан Республикасынын Шуша шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун катышуучу-өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал Саммитине катышты. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө эгерде климаттык өзгөрүүлөргө каршы иш-чаралар көрүлбөсө, климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык божомолдору олуттуу жана кайтарылгыс натыйжаларга алып келерин баса белгиледи. Мамлекет башчысы Азербайжандын КОП29га төрагалыгы 2024-жылдын ноябрына пландаштырылган Конференциясынын күн тартибинде […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-июлда, Азербайжан Республикасынын Шуша шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал Саммитине катышууда. Жыйын алдында Уюмга мүчө мамлекеттердин делегация башчыларын Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев тосуп алды.Читать далее