Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жапониянын Парламентинин Эл өкүлдөр палатасынын Төрагасы Фукусиро Нукагага жана Кеңешчилер палатасынын Төрагасы Оцудзи Хидэхисага аталган өлкөдө катталган жер титирөөдөн улам көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Анда мындай деп айтылат: “Жапония мамлекетинде катталган жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды 2024-жаңы жылы менен куттуктады. Төраганын жаңы жылдык куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 2024 – Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Өтүп бара жаткан жыл өлкөбүз үчүн жемиштүү жылдардан болуп, өлкө казынасы эселеп өстү. Аймактарга өзгөчө көңүл бурулуп, социалдык мекемелерди куруу иши жигердүү […]Читать далее
Башкы прокурор депутат Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңештен уруксат
Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты (“Альянс” фракциясы) Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев ЖКнын бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымына караганда, эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси боюнча айып тагылууда. Жогорку Кеңештин отурумунда башкы прокурордун сунушун кароо боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына […]Читать далее
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Бакыт Төрөбаевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Белгилей кетсек, буга чейин Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Аталган маселе боюнча президенттин жана синистрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов […]Читать далее
Бүгүн, 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Ли Джонгсу баштаган Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Жогорку Кеңеш менен KOICAнын ортосундагы өнөктөштүктү өрчүтүү маселеси талкууланып, анын ичинен парламенттин ишин санариптештирүү жаатында мерчемделген долбоорлор тууралуу сөз болду. Алсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин […]Читать далее
Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2023-жылдын 4-июлунда Нью-Дели шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда карап, кабыл алды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев тааныштырды. Ал белгилегендей, Шанхай […]Читать далее
Жогорку Кеңештин 20-декабрындагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. Эл өкүлдөрүнүн 59у “макул” болсо, бешөө “каршы” добуш берди. Мыйзам долбоорунун демилгечиси-Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов. Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншуга Ганьсу жана Цинхай провинцияларында катталган жер титирөөдөн улам көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Анда мындай деп айтылат: “Кытай Эл Республикасынын Ганьсу жана Цинхай провинцияларында катталган жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу […]Читать далее
Жогорку Кеңеште тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Комиссиянын жыйынына жумушчу топтун мүчөлөрү, түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокурор, Башкы прокуратуранын Кылмыш, жарандык сот өндүрүшүн жана сот чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору, Жазаларды аткаруу кызматынын, Жогорку […]Читать далее
Бүгүн, 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Москва шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин отурумуна катышты. Иш-чараны Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин ачып, жыйында жамааттык коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле Ассамблеянын алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Отурумда […]Читать далее