Жогорку Кеңеш Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековду кызматтан бошотууга макулдук берүүнү колдоду. Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Замирбек Базарбеков өз каалоосу менен кызматынан бошотуу тууралуу мамлекет башчысына арыз жазганын белгиледи. Базарбековду кызматынан бошотууга 66 депутат макул, бирөө каршы добуш берди.Читать далее
Депутаттар экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча маалыматты
Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери, Кыргыз Республикасында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү абалы жөнүндө маселелер каралды. Талкуу учурунда депутат Марат Мураталиев республиканын экономикасын жана калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз […]Читать далее
Бүгүн “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси Жогорку Кеңештин имаратында көчмө тестирлөө акциясын уюштурду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Алгач төрага Нурланбек Шакиев депутаттардын жана парламенттин Аппаратынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында өткөрүлүп жаткан акциянын жүрүшү менен таанышты. Шакиев негизги мыйзам чыгаруу органында эмгектенген бардык кызматкерлер мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билиши керектигин […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: “Ардактуу мугалимдер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Өзгөнүн балдарын өз баласындай көрүп, алардын татыктуу-таалим тарбия алып, мыкты инсан болушу үчүн кызмат кылган агартуучулардын кесиби ары татаал, ары сыймыктуу иш. Андай […]Читать далее
Эдил Байсалов Азиядагы кызматташтык боюнча диалогдун алкагында бир катар жолугушууларды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азиядагы кызматташтык диалогу уюмунун Үчүнчү саммитине катышуунун алкагында бир катар чет элдик делегациялар менен жолугушууларды өткөрдү. Атап айтканда, Эдил Байсалов Мьянманын вице-премьер-министри Тхан Све, Камбоджанын вице-премьер-министри Ханг Чуоннарон, Непалдын тышкы иштер министри Арзу Рана Деуба, Сингапурдун тышкы иштери боюнча улук мамлекеттик министри, улуттук өнүктүрүү министри Сим […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы ипотекалык турак жай объектилеринин курулушу менен таанышты. Парламенттен билдиришкендей, эл өкүлдөрү «Asman residence-1», «Asman residence-8» (Малашева көчөсү № 51 и №61), «Asman residence-9» (Ж. Абдрахманов көчөсү №10), «Asman residence-3» (Жеңи-Жок көчөсү № 4а), «Asman residence-2» (Манас – Р.Азимов көчөлөрүнүн кесилиши) «Asman residence-7» (Достук көчөсү) «Asman residence-10» […]Читать далее
Жогорку Кеңеште “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында депутаттар 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык жөнүндө, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын учурдагы абалы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” жарлыгынын ишке ашырылышы тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматын укту. Депутаттарга Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу айтып, ГЭСтердеги абал, жылуулук борборлорун жана калкты […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев министрлер кабинетинин өкүлдөрүн мыйзам чыгарууда сапатка өзгөчө көңүл бурууга чакырды. “Жогорку Кеңеш учур талабына, шарт-жагдайга ылайык, министрлер кабинети тарабынан сунушталган керектүү мыйзам долбоорлорун ыкчам түрдө колдоп берип келдик. Кабыл алынган мыйзамдар өнүгүүгө өбөлгө түзүп, президент жана министрлер кабинети өзү да белгилегендей, мамлекетибизде бир топ жылыштар болгону анык. Бирок […]Читать далее
Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кылычбаев Алтынбек Таировичтин ант берүү аземи болуп өттү. Белгилей кетсек Алтынбек Кылычбаев №13 бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин жаңы депутаты “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын курамына кирди.Читать далее
Алымкадыр Бейшеналиев: Бүгүнкү күндө республикада 5500 медициналык кызматкер жетишпейт
“Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобу калктын сапаттуу дары каражаттарына жана медициналык лабораториялык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу багытында аткарылып жаткан иштер, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты угушту. Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн маалыматы боюнча, бул маселелер боюнча маалыматты саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр […]Читать далее