2-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы өз ишин баштайт. Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйындар сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандатын “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымовичке өткөрүп берүү чечими кабыл алынды. Ал “КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Эл өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев: Суусамырдагы алтыгананы азайтуу багытында алгылыктуу иштерди алып
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынан кайтып келе жатып, Суусамыр өрөөнүн каптап жаткан алтыгана көйгөйүнөн кабар алды. Алсак, аталган тикендүү бадал өсүмдүгү акыркы жылдары Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды жана айдоо аянттарын каптап, күндөн-күнгө көбөйүүдө. Акыркы маалыматтарга таянсак, алтыгана каптаган жердин жалпы көлөмү 800 гектарга жеткен. Нурланбек Шакиев экологияга коркунуч туудуруп жаткан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна иш сапары менен барды. Алгач Төрага Каныш-Кыя айылында курулган спорт комплексинин ачылышына катышты. Алсак, аталган спорттук жайды салуу үчүн республикалык бюджеттен 25,5 млн сом каралып, курулуш иштери 2022-жылы башталган. Төрага Нурланбек Шакиев салтанаттын алкагында жергиликтүү эл менен да жолугушуп, Чаткалдагы иш сапарынын максаты тууралуу […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Президенттин Иш башкармалыгынын 30 жылдыгына арналган салтанатка
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Президенттин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык маарекесине карата Чолпон-Ата шаарында уюштурулган аземге катышты. Салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев Иш башкармалык Президенттин гана эмес, Жогорку Кеңештин да ишин каржылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан камсыздаган негизги көмөкчү орган катары кызмат көрсөтүп келе жатканын белгиледи. “Баарыбыз жакшы билгендей, […]Читать далее
Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Парламенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, иш-чарада КМШ ПААнын кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко шериктештикке мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышын чыңдоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ролу чоң экенин белгиледи. Ошондой эле Ассамблеянын өнүгүшүнө жана парламенттер аралык байланышты арттырууга кошкон өзгөчө салымы […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин жыйынына катышты. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында төрага Жогорку Кеңештин демилгеси менен жыл сайын Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүп келе жаткан “Шериктештиктин балдары” IX Эл аралык маданий-билим берүү форумунун жыйынтыгы тууралуу баяндама жасады. “Салтка […]Читать далее
Россиянын президенти Владимир Путин БРИКС алкагында парламенттик институт түзүү демилгесин
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев жана башка 15 өлкөнүн парламенттеринин өкүлдөрү катышып жаткан БРИКС парламенттик форумунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин кайрылуу жасады. Жаңы геосаясий, экономикалык, демографиялык реалдуулукту чагылдырган дүйнөлүк тартиптин калыптанышы татаал процесс экенин белгилеген Владимир Путин мында парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенине токтолду. Ошондой эле БРИКСтин азырынча институтташтырылган парламенттик […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан онунчу БРИКС парламенттик форумуна катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чарада эл аралык алакаларды арттырууда парламенттердин ролу тууралуу кеңири баяндама жасаган Төрага Нурланбек Шакиев БРИКС+ форматында уюштурулуп жаткан форум кызматташтыкты өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады. “БРИКС глобалдык маселелерди чечүүгө умтулган, […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапары менен Россиянын Санкт-Петербург шаарына барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти. Сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин жыйынына, ошондой эле X БРИКС парламенттик форумуна катышат. Андан тышкары, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт. Эскерте кетсек, Төрага баштаган делегациянын […]Читать далее