2024-жылдын сегиз айында өлкөдө жаңы 47 айыл чарба кооперативи түзүлүп, өндүрүшкө киришти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен Баткен облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 7, Ош облусунда – 5, Чүй облусунда – 18, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 4 жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 11-августта, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар тобу Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык кармоочу торлордон тазалоону улантууда. Белгилей кетсек, өлкө жетекчилиги тарабынан биосфералык зонадагы экологиялык кырсыктын алдын алуу жана Ысык-Көлдү сактоо максатында Ысык-Көлдү сактоо жана экологияны сактоо боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) […]Читать далее
Кыргызстанда билим берүү мекемелеринин 2024-2025-жаңы окуу жылына карата даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Текшерүү жаңы курулуп жаткан, жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган, ошондой эле бардык билим берүү уюмдарында жүргүзүлгөн кезектеги ремонт иштеринин сапатын кароо максатында уюштурулду.Читать далее
Кошумча жабдууларды мыйзамсыз орноткон 234 авто унаа айып короо жайына киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан өлкө аймагында 5-августтан тартып, “Кошумча жабдык” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Азыркы учурда айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдууларды өз алдынча […]Читать далее
Чолпон-Атада Президенттин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара
Бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аземге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурлан Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбаев, Министрлер […]Читать далее
Учурда “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2″ долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык аба боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Ташыбек уулу билдирди. Анын айтымында, долбоор Бишкек жана Чүй облусунда абанын сапатын жакшыртуу, жылытуу мезгилинде шаардагы түтүн-ыш каптоонун деңгээлин азайтууга багытталган. Абанын […]Читать далее
Ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 17 620 адамга азайган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Учурда республика боюнча 81 453 жумушсуз жаран министрликте каттоодо турат. Жумушка орноштурууга кызматтарынын негизги милдеттеринин бири-жумушка орношууга көмөк көрсөтүү. Жыл башынан бери 6,3 миңден ашуун адам ишке орношуп, акы төлөнүүчү […]Читать далее
“Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу 3 млн документ катталды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, учурда “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасына 3 миңден ашык уюм кошулган, колдонуучулардын саны 150 миң адамды түзөт. Ал эми санариптештирилген документтердин жалпы саны 18 миллионду түздү, электрондук документ […]Читать далее
Өлкө боюнча жалпы 8 миң 500 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Аймактар боюнча бөлүштүргөндө, ал төмөнкүдөй: Баткен облусу – 585 үй-бүлө, Жалал-Абад облусу – 1915 үй-бүлө, Ысык-Көл облусу – 826 үй-бүлө, Нарын облусу – 820 […]Читать далее
Эски үлгүдөгү ID-картаны жаңысына алмаштырууга 1 айда 51 миңден ашык арыз түштү. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги AN сериясындагы 2004-жылкы үлгүдөгү ID-картаны жаңы үлгүдөгү ID-картасына алмаштыруу боюнча улуттук кампаниясын баштаган. 1-июлдан 1-августка чейин жаңы үлгүдөгү […]Читать далее