Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармак аркылуу Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөсүндөгү имараттардын буздурулуп жатышы боюнча түшүндүрмө берди. Ал аталган даректе имараттардын буздурулушун көрсөткөн видео соцтармакта ар кандай жоромолдонуп жатканына байланыштуу тактык киргизүүнү туура көргөнүн белгилеген. “Өзүңүздөргө маалым болгондой өлкө боюнча Кирешени легалдаштыруу жөнүндө мыйзамдын алкагында президент Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн убагында башкаларга […]Читать далее
Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Бишкек шаарындагы Ленинград блокадасынын
Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин расмий иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы Ленинград блокадасынын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар койду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Россия Федерациясы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Эльдар Сулайманов катышты.Читать далее
17-майдан 18-майга караган түнү Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен шаардын инфраструктурасына зыян келтирилди. Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсыкта бак-дарактар, имараттардын чатырлары жана токтоп турган унаалар жабыркаган. Жалпысынан шаар боюнча 23 бак кулап, 49 бак жабыркаган. Ошондой эле турак жайлардын жана коммерциялык имараттардын чатырлары жабыркап, кулаган бутактардан жана таштандылардан улам унаалардын сырттары чийилип, айнектери сынган учурлар […]Читать далее
Бишкекте катуу шамалдан жабыркаган мамлекеттик туу калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, 17-майдан 18-майга караган түнү катуу шамалдын кесепетинен мамлекеттик тууга зыян келтирилген. Ала-Тоо аянтындагы желек 30 мүнөттүн ичинде ыкчам алмаштырылган. Күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, түнкүсүн Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон […]Читать далее
“Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо – 3” долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Аталган долбоордун негизги максаты – жеткиликтүү жеңилдетилген насыялык каражат берүү аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана башка материалдарды сатып алуу жолу менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу деңгээлин жогорулатууга мамлекетик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Жеңилдетилген […]Читать далее
Казань шаарында Кыргызстандын адал продукт өндүрүүчүлөрүнүн Соода үйү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Соода үйү 14–17-майда өтүп жаткан Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum 2025″ эл аралык экономикалык форумунун алкагында ачылды. Форумга Экономика министрлигине караштуу “Адал индустриясын өнүктүрүү” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, ошондой эле адал жана органикалык продукцияларды өндүрүүгө адистешкен ата мекендик компаниялар катышууда. […]Читать далее
Бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата, салык органдарына кызматтык унааларды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жана салык органдарынын кызматкерлери катышты. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик колдоонун негизинде Салык кызматынын тарыхында биринчи жолу ата мекендик өндүрүштөгү Chevrolet Cobalt […]Читать далее
Бүгүн “Манас” эл аралык аэропортунда дүйнөдөгү эң бийик чокуну — 8 848 метр бийиктиктеги Эверестти багынткан алгачкы кыргызстандык аял, көрүнүктүү альпинист Асел Байбагышеваны салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришти. Маалыматта айтылганда, бул тарыхый жетишкендик Асел Байбагышева үчүн эле эмес, бүтүндөй өлкө үчүн чоң сыймык болуп, кайраттуулуктун жана эрктин символуна айланды. […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында мөмө-жемиш көчөттөрүн өстүрүү менен алектенген 22 субъект расмий түрдө питомник макамын алган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул бак-дарак өстүрүү багытын туруктуу өнүктүрүүгө жана жергиликтүү айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдү сапаттуу көчөттөр менен камсыздоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Адистештирилген көчөтканалар өлкөнүн бардык аймактарында […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда Ысык-Көл чебагы балыгынын тукум уулоо (нерест) сезону аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Буга байланыштуу Балык чарба комплекси департаменти 15-майдан баштап Ысык-Көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого расмий түрдө уруксат берилерин маалымдады. Балык уулоого ниеттенген жарандар үчүн электрондук балык уулоо билеттерин алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Аларды төмөнкү […]Читать далее