Бишкектен Караколго биринчи техникалык каттам аткарылды. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, бүгүн “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы толук кандуу курулуп, реконструкцияланган “Каракол” эл аралык аэропортуна конду. “Каракол” эл аралык аэропортунун салтанаттуу ачылышы 10-декабрда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөт. Жаңы аэропорт аймактагы туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачмакчы.Читать далее
Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. Аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолу аймактарда кар жаагандыгынан улам Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайынан оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына толугу менен чектөөлөр киргизилди. Жол ачылганда толук маалымат берилет.Читать далее
ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат. “Азыркы учурда өлкө аймагында туман болуп, кар жаап жатат. Ошол себептен айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө жолдо жүрүүдө баардык коопсуздукту жол эрежелерин так сактоого, унаалар менен болгон аралыкты жана ылдамдыкты так сактоого чакырабыз”,- деп билдирди ЖКККББнын басма сөз кызматы.Читать далее
Бишкек жана Ошто калың тумандан улам аба каттамдары кармалууда. Бул тууралуу “Манас” аэропорту ААКтан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунда – Ош, Жалал-Абад, Талас, Сургут, Анталия, Стамбул, Ташкентке уча турган каттамдар кармалууда. Ошондой эле “Ош” эл аралык аэропортунда дагы төмөндөгү каттамдар кармалып жатат. Ош – Стамбул; Ош – Екатеринбург; Ош – Москва “Домодедово” аэропорту; […]Читать далее
“Аэро Номад” “Компас” туроператору менен биргеликте Бишкектен Пхукетке биринчи түз аба каттамын ачты. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле аэропорттон кошумчалашкандай, 26-декабрдан тарта каттам тармагын кеңейтүүнүн алкагында Бишкек – Фукуок жаңы аба каттамы ачылат.Читать далее
2024-жылдын 6-декабрында (жума) кыргыз окумуштуулары тарых илимдеринин доктору, профессор Алмазбек Бейшеналиев менен педагогика илимдеринин доктору, профессор Салидин Калдыбаевдин биргелешип жазган «Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы» аттуу окуу куралынын бет ачары саат 10:00дө К.Баялинов атындагы балдар китепканасында өтөт. Китептин бет ачарына кыргыз педагог окумуштуулары, жогорку окуу жайларынын педагогика кафедрасынын окутуучулары, окуу жайдын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Билим […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында 8-9-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар түрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. 8-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт: Чүй, […]Читать далее
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгыларын эскертет. Министрликке караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз улантылып жатат. Транспорт департаменти өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон жолдор аркылуу оор жүк ташыган унаалардын ашыкча жүгү аныкталса тиешелүү протоколдор […]Читать далее
Бишкекте жакында абанын температурасы -15 градуска чейин төмөндөйт. Синоптиктердин маалыматына караганда, бүгүн борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +5…+7, түнкүсүн -2…-4, 6-декабрда күн ачык, күндүз +3 … +5, түнкүсүн -3…-5 градуска чейин төмөндөйт, 7-декабрда жаан-чачын болбойт, абанын температурасы +1…+3, түнкүсүн -3 … -5, 8-декабрда кар жаайт, күндүз +2…+4, түнкүсүн -5…-7, 9-декабрда түнкүсүн кар жаайт, күндүз күн […]Читать далее
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты. Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы […]Читать далее