2025-жылдын январь-июнь айларында 31 миң 255 жаранга пенсия чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен июнь айында 3 379 жаранга пенсия чектелип, 1 283 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди (эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде).Читать далее
1-июлдан баштап бала бакчаларда тамактануу ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө бала бакчалардын жетекчилерине ата-энелер жамаатынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Белгиленгендей, КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде, ошондой эле министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактандырууну уюштуруунун тартиби […]Читать далее
26-июлдан тарта Бишкек – Кашкар – Бишкек туруктуу аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттам Аэро Номад Эйрлайнс компаниясы тарабынан ачылууда жана ар жума сайын ишемби күндөрү аткарылат. “Орундарды алдын ала тандап, төлөө мүмкүнчүлүгү бар”, – деп белгилешти компаниядан.Читать далее
Кыргызстанда жер мунапысына катышуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу 1-июлда аяктады. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Жер мунапысы жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция, ал өзүнө жер мунапысына туура келген жер мунапысынын объектилерине болгон менчик укуктарын бекитүүнү камтыйт. Программа башталгандан аяктаганга чейин республика боюнча […]Читать далее
Өлкөдө майыптыкты таануу жөнүндө маалымкат алуу процедурасы толугу менен электрондук форматка өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. Жыл сайын Эмгек министрлигине караштуу медициналык-социалдык экспертиза комиссиясынын майыптуулук боюнча маалымкатын 55 миңге жакын жаран алып келет. Эми 100 күндүк Өкмөттүк акселератор программасынын алкагында бул процесс автоматташтырылды. Кантип иштейт? Жаран жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк […]Читать далее
Республикалык стоматологиялык клиниканын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мурда мыйзам бузуу менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган социалдык инфраструктура объекттерин аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында , Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү №173 дарегинде жайгашканаталган имаратты мыйзамсыз ээликке алуу фактысы аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары көрсөткөндөй, бул мамлекеттик […]Читать далее
Ирандан Кыргызстандын дагы 42 жараны ийгиликтүү эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, эвакуациялоо иштери Ирандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөн. Ошентип, Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын коргоо максатында “Багжиран” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Түркмөнстанга 4 жаран, “Астара” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Азербайжанга 38 жаран эвакуацияланган. Учурда эвакуацияланган жарандардын баары Кыргызстанга аман-эсен кайтып […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө ишке орношууда алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертет. Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттерге, өзгөчө Европа өлкөлөрүнө – Германия, Польша, Венгрия, Хорватия жана башка өлкөлөргө жумушка орноштурууда алдамчылык фактылары көбөйгөн. Шылуундар социалдык тармактарда жана мессенжерлерде укмуштуудай жарнамаларды жарыялап, төмөнкүлөрдү убадалашат: квалификация талап кылынбаган жогорку айлык акы; кепилденген иш […]Читать далее
Кыргызгидромет кызматы абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу эскертүү берди. Анын маалыматына караганда, 3-5-июлда ысык аба-ырайы кырындык менен жогорулашы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +35…+40°ка, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +36…+41°ка ал эми Талас облусунун аймагында+33…+38°ка чейин жогорулашы күтүлөт. Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык […]Читать далее
Салык кызматынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Салык кызматы менен Бажы кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарыла турганын билдирди. “Мен жакында эле Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго бул чечимди кабыл алганыбызды билдирдим”, – деди Адылбек Касымалиев. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кызматтардын штаттык саны жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз калаарын баса […]Читать далее