Бишкектеги мектеп менен бала бакчага өрттөн келтирилген зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, №63 мектепке 1 млн 523 миң 814 сом, ал эми №82 бала бакчага 187 миң 270 сом акча каражаты берилди. Өрттөн кийинки калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине сертификаттарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Кемелова Динара менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Борбор Азиядагы климат, суу жана энергетика кластеринин координатору Фолькер Фробарттын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу алкагында учурдагы өз ара аракеттешүүнү […]Читать далее
Кыргызстанда 7-июлдан 13-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча, 21 682 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 677; мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 274; унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 143; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 977; транспорт […]Читать далее
Саламаттык сактоо уюмдарынын техникалык жана кенже кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, президенттин “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын калыптандырууну бирдейлештирүү жана бирдиктүү моделге келтирүү жөнүндө” жарлыгына ылайык, министрлер кабинети саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, 2025-жылдын 1-майынан тартып […]Читать далее
Күн мурун маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өтүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Белгилей кетсек, “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси саясий репрессиянын курмандыгы болгон жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн саясий жана коомдук ишмерлердин сөөгү коюлган жер. Мындан сырткары, Кыргызстандын […]Читать далее
Жыл башынан бери өлкө аймагында 595 миң 610 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 6 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында айтылды. Анын ичинде: мас абалында унаа башкарган – 8 112 айдоочу; ылдамдыкты ашырып айдаган – 93 миң 365 айдоочу; терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан – 3 649 айдоочу; тийиштүү […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет. Ушул жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкү салыктарды төлөө керек: – турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), – үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып каралган. […]Читать далее
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы жыл башынан бери 200 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотту. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын жана электр энергиясы менен камсыздоо тутумун автоматташтыруунун алкагында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсы (КУЭТ) 2025-жылдын башынан тартып республика боюнча тиричилик абоненттерине 200,1 миң акылдуу эсептегичтерди орнотту. Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке […]Читать далее
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 29 жаштагы 6 баланын энеси Айжан Болотбековага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Ал буга чейин УКМК төрагасына көмөк сурап кайрылган. Жыйынтыгында Ташиев Болотбековага шаардан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын белек кылды. УКМК төрагасы Болотбековага жана анын үй-бүлөсүнө ден соолук каалап, балдардын келечеги жаркын […]Читать далее
Бишкек шаарында баасы дээрлик 6 млрд сомдук компания мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан эл аралык байланыш оператору “ЭлКат” ЖЧКсын мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Натыйжада сот тарабынан мурдагы соттук чечимдер жокко чыгарылып, мыйзамсыз жоготулган мамлекеттин мүлккө болгон укуктары калыбына келтирилди. Кайтарылган мүлктүн базар баасы 5,8 млрд сомду […]Читать далее