Өлкөдө жазгы талаа жумуштарына айыл чарба техникаларынын даярдыгы 80 пайызды түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Азыркы тапта өлкө боюнча талаачылык жумуштарына бардыгы болуп 22 149 трактордун ичинен 17 497 трактор, же жалпы тракторлордун санынын 79%ы, соколордун 80%ы, үрөн сепкичтердин 77%ы, малалардын 77%ы, жерсемирткич чачкычтардын 82%ы, арык […]Читать далее
Курулуш министрлигинде Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушууга курулуш министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Чүй облусунун губернатору Канат Жумагазиев катышты. Жолугушууда мамлекеттик мектептерди куруу долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууну баштоо маселелери талкууланды. Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү даярдык иштеринин жүрүшүнө канаттандыраарлык баа берип, долбоорду мындан ары да колдоого даяр экендиктерин […]Читать далее
Кыргызстанда эки күндө 175 мас айдоочу кармалды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, унаа кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук тартипти камсыздоо максатында республиканын аймагында “Рулда” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүп, 21-22-февраль күндөрү жол эрежелерин одоно бузган 7327 айдоочулар аныкталды. Алардын ичинен; – мас абалында унаа башкарган 175 айдоочу; – тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 253 айдоочу; – […]Читать далее
Жыл башынан бери жаңы төрөлгөн 14 миң 346 балага “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү боюнча 57 млн 522 миң сом каржыланды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 3 балага 150 миң сом төлөнүп берилди. 2024-жылдын 1-февралына карата 14 835 балага 59 млн 477 миң сом […]Читать далее
2025-жылдын 1-январына карата пенсионерлердин саны 797,4 миң адамга жетти. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, пенсионерлердин саны 2020-жылга салыштырмалуу 105,8 миңге көбөйдү. Пенсиянын орточо өлчөмү жогорулатылгандан кийин 2024-жылдын 1-октябрына карата 10 695 сомду түзүп, бул 2020-жылга караганда дээрлик эки эсеге жогорулады. Белгилей кетсек, 2024-жылы пенсияларды жогорулатуу эки этап менен жүргүзүлдү. 1-июлдан тарта пенсиянын базалык […]Читать далее
2024-жылы өлкөдө жумушсуздардын саны 25 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун башкы адиси Эсенбек Эргешов радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 2023-жылы өлкөдө 67 миң адам жумушсуз деп расмий катталса, өткөң жылы алардын саны 50 миң адамды түздү. “Тагыраагы, 2023-жылы жумушсуздуктун деңгээли 2,9 пайызды […]Читать далее
Москвадагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу “Сахарово” борборунда Кыргызстандын 75 жараны кармалып турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында элчиликтин кызматкерлери КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте РФ Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын Чет элдик жарандарды убактылуу […]Читать далее
2024-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 18 пайызга азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун башкы адиси Эсенбек Эргешов радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, буга бир нече фактор негиз болду. Биринчидин кыргыз сомунун күчүнө кириши, социалдык-экономиканын стабилдүүлүккө жетиши, муну менен катар айрым өлкөлөрдөгү миграциялык мыйзамдардын күчөшү. Ал […]Читать далее
2025-жылдын 1-февралына карата өлкөдө 14 677 жеке ассистентке республикалык бюджеттен 131 318 776 сом төлөндү. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул сумманын 16 715 260 сому камсыздандыруу полистерин жабууга жумшалган. Алардын кызматынан 14 987 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар пайдаланат, алардын 9 456сы балдар […]Читать далее
Жазгы ным топтоо иштеринде өлкө боюнча 270 миң га жер сугарылат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата 83,9 км чарба аралык каналдардын механикалык тазалоо иштери аткарылды. Ал эми, 2025-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык тазалоо боюнча негизги иштери Баткен, Ош […]Читать далее