2025-жылдын биринчи жарымында Россия Федерациясынан мыйзам бузган 2,8 миң мигрант депортацияланган. Бул тууралуу Интерфакс Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазды. Анда белгиленгендей, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 17%га көп. Ошондой эле бул аралыкта 791 чет элдик жаран орус жарандыгынан ажыратылган. Жыл башынан бери Ички иштер министрлиги чет өлкөлүктөргө убактылуу жашоого уруксатты 31,6%га (16,6 миң) […]Читать далее
Россия Кыргызстанга 1 280 тоннадан ашуун кезектеги азык-түлүк жардамын берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Азык-түлүк БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАП) алкагында акысыз берилди жана өлкө боюнча аялуу үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт. Кошумча байытылган буудай унун жана өсүмдүк майын болжол менен 5 100 аз камсыз болгон үй-бүлө алат. Алар ДАП долбоорлорунун алкагында ирригациялык […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлиги алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде эмгектенген жана ординатураны жаңы аяктап, аймактарга барып иштөөнү максат кылган 35 жашка чейинки дарыгерлерди «Дарыгердин депозити» программасына катышууга чакырат. Ведомстводон билдиришкендей, бул программа — өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган калкка медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана ошол аймактарда эмгектенген жаш дарыгерлерди материалдык […]Читать далее
18-августтан 19-августка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат.Читать далее
Бүгүн, 18-августан 30-сентябрга чейин “Электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасында кеч каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, эми “Каттоону жокко чыгаруу” баскычы кайрадан иштетилет. Эгер зарылчылык жаралса, ата-энелер мурунку каттоону жокко чыгарып, баланы бош орун бар башка мектепке кайра каттай алат. Кеч каттоо аяктаганга (30-сентябрга) чейин балдарын каттоого жетишпей калган ата-энелер кийинки […]Читать далее
Кыргызстан Социалдык фондунун төраганын орун басары Гүлмира Жуматаева жана Өзбекстандын Пенсиондук фондунун директору Мурадбек Атажанов жетектеген делегациялар Ташкентте жарандарга пенсия төлөө механизмин алдын ала макулдашты, — деп маалымдады өзбек ведомствосунун басма сөз кызматы. Жолугушууда социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбоору каралып, улуттук мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү эске алынды. Келишим Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарына […]Читать далее
Кыргызстанда эттин баасын негизсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына жер-жерлерде (район, шаарларда) мал этинин баасын тынымсыз көзөмөлдөп туруу, эгерде мамлекеттик көзөмөл […]Читать далее
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларды текшерүүнүн жүрүшүндө окуу жараяндарына катышпаган жана өлкө аймагынан сыртта жүргөн студенттерди жасалма негизде окутуу фактылары аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында 2606 студент окуудан чыгарылды, атап айтканда: * Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинен (ЖАМУ) – 1142 студент, анын ичинен 167 чет өлкөлүк жарандар; • К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнѳлүк бийиктик” уңгужолу жѳнүндѳ Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Нарын облусунун Ак-Талаа районунда “Унгужолду улайлы” аталышындагы райондук форумга катышты. Аталган форум “Ак-Талаа Эл” коому тарабынан Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана райондук администрация менен биргеликте уюштурулган. Иш-чарага 600гө жакын аксакалдар, аялдар жана жаштар […]Читать далее
“Кыргыз почтасы” ААК пенсияны жеткирүү үчүн 2 пайыз комиссия алганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. “Акыркы күндөрү айрым маалымат каражаттарында “Кыргыз почтасы” пенсия алуучулардан жеткирүү үчүн 2 пайыз комиссия алат” деген маалыматтар жарыяланууда. Бул маалымат чындыкка туура келбейт”, – деп айтылат компаниянын маалыматында. “Кыргыз почтасы” ААК пенсия жеткирүү кызматын көп жылдан бери аткарып келет. Келишимдин негизинде, биздин […]Читать далее