2024-жылдын 9 айында Кыргызстанга 3 млн 280,7 миң турист келген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат. Бул убакытта Кыргызстанга келген туристтер 807,7 млн доллар коротушкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,1 пайызга көп. Ал эми кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эс алууга тогуз айда 427,4 млн доллар сарпташкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга, башкача айтканда, 20,8 млн долларга […]Читать далее
Кыргызстанда былтыр 230 социалдык объект пайдаланууга берилди, анын ичинде жаңылары жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөрү да бар. Бул тууралуу 2024-жылдын январь-декабрына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин экспресс маалыматында айтылат. Ведомстводон белгилешкендей, 100дөн ашык мектеп, 50 бала бакча, оорукана, спорт комплекстери, маданият үйлөрү, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн 22 […]Читать далее
Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, 2020-жылдан тартып Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Белгиленгендей, келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 311 суроо-талап жиберилген, 309 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди. Келишимдин алкагында Түркия Кыргызстандын 1 […]Читать далее
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Аламүдүн районундагы “социалдык контракт” программасына катышкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барды. КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан 2022-жылы демилгеленген Программа жакырчылыкты жоюуга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. Үч жылдын ичинде өлкө боюнча 35 миңден ашуун үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзүп, алардын 221и […]Читать далее
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин жардам сурап кайрылган Нурзат Нуржанованы кабыл алды. Атайын кызматтын маалыматына караганда, буга чейин Нурзат Нуржанованын жардам сураган кайрылуусу түшкөн. Аталган жаран өз кайрылуусунда 3 жаштан 13 жашка чейинки 6 баланын энеси экенин, турмуштук оор кырдаалга туш болгонун, жеке турак жайы жоктугун, балдарды тийиштүү түрдө камсыз […]Читать далее
Аарычылык жана асыл тукум уйлардан мол сүт алуу боюнча мыктылар аныкталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Рахат Токталиев Нарын облусунда аарчылык менен “Ат-Башы ак балын” өндүрүп келет. Ал 2024-жылы 8 тонна бал өндүргөн, анын 60% экспортко кеткен. “Ат-Башы ак балынын” өзгөчүлүгү нукура таза бал болуп эсептелет. Ал балдын эспарцет […]Читать далее
Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги браконьерликке каршы иштерди күчөтүүдө. Ведомстводон маалымдашкандай, браконьерликти каршы күрөшүүнүн алкагында 11-12-январда Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй, Жалал-Абад облустук башкармалыктарынын жана Балык чарба департаментинин кызматкерлери биргеликте ыкчам рейддерди жүргүзүштү. Рейддик иш-чаралар Токтогул суу сактагычында өткөрүлдү. Жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгы менен синтетикалык торлорду колдонгон 4 кылмышкер кармалып, жалпы суммасы 18 миң 500 […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызстан УЭТ» ААКна тийиштүү Электр тармактар ишканаларынын жана Райондук электр тармактарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.Анда электр менен камсыздоону санариптештирүү жана автоматташтыруу программасын ишке ашыруу боюнча кеңешме болуп өттү, анын алкагында жакынкы аралыкта республика боюнча Дүйнөлүк банк аркылуу алынган 500,1 миң акылдуу эсептегичтерди орнотууну баштоо пландалууда.КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев сөз сүйлөп, […]Читать далее
Мугалимдерге ноутбуктар 20-январдан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин орун басары Лира Самыкбаева бүгүн Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барып, мугалимдер үчүн бериле турган ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду. Технопарктын директору Касымбек Келебаев министрдин орун басарын иштин жүрүшү менен тааныштырып жатып, […]Читать далее
2024-жылы Ветеринардык кызмат мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн 216 млн сом чогулткан. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл арба жана кайра иштетүү өнөр жайы минисьрлигинен билдиришти. 2024-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын атайын эсебине мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн 216 миллион сомдон ашуун акча каражаты түшкөн. Ветеринардык кызматтын 2024-жыл үчүн атайын эсепке […]Читать далее