Кыргызстанда коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолугушууда билдирди. «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамыны нормаларына ылайык, 2025-2026-жылдары УКМК коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин төмөндөтүүнү пландаштырууда. Бүгүнкү күндө көрсөткүч […]Читать далее
Коррупция менен күрөшүүнүн алкагында билим берүү системасынын 34 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 16-январда Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен өткөргөн кеңешмеде билдирди. Атайын кызматтын башчысынын айтымында, мындан улам мамлекеттин кирешесине 207 млн 700 миң сом кайтарылган. “2020-жылдын октябрынан […]Читать далее
Төрт жыл ичинде 168 млрд сомдон ашык каражат мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 16-январда Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен өткөргөн кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, аталган убакыт аралыгында 1373 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. “2020-жылдын октябрынан азыркы учурга чейинки аралыкта тарыхта биринчи […]Читать далее
Бишкектеги Лениндин эстелиги өз ордунда калат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Лениндин эстелигине тийбей туруу өтүнүчү менен билдирүү жасаган. “Эстеликке эч ким тийген жок жана аны алып салуу боюнча эч кандай пландар жок. Толук маалыматты тактабай туруп, кабатыр болууга […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү. Кеңешме УКМКнын Академиясынын имаратында Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин (орун басарлары), ЖОЖдордун ректорлорунун, кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорунун катышуусунда өттү. Жолугушууда Камчыбек Ташиев жогорку билим берүү системасынын кызматкерлерине улуттук коопсуздук органдары […]Читать далее
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жайгашкан “Айкөл Манас” эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштери башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, реконструкциялоо иштеринин алкагында монументтин постаменти толугу менен жаңыланат жана жер төлөө бөлүгүнүн конструкциялары бекемделет. “Оңдоо иштери бекитилген долбоорго жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Бардык этаптар архитектуралык нормалардын негизинде ишке ашып, “Айкөл Манас” монументин улуттук мурас катары маданий маанисин сактоого өзгөчө көңүл бурулат”, […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сабиз жана кант кызылчасын өстүрүү мемнен чоң киреше алган дыйкандарды аныктады. Ведомствонун маалыматына ылайык, Чүй облусунун тургуну Сулейман Магуев сабиз өстүрүп мол түшүм алып келет. Ал эми Жумабек Наматбеков кант кызылчасын өстүрүп, 1 гектардан 800 центнерден ашуун түшүм жыйнаган. Эске салсак, 28-29-30-31-январда саат 10:00дө Кыргыз […]Читать далее
Бүгүн Бишкек шаарындагы № 35 орто мектепте Google пилоттук долбоорунун алкагында 100 хромбук тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, пилоттук долбоордун негизги максаты Google санариптик билим берүү көндүмдөрүнүн билим берүүнүн сапатына тийгизген таасирин изилдөө болуп саналат. Иш-чарада билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева бул пилоттук […]Читать далее
Бишкектеги Чүй проспектиси менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай март айында курула баштайт. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жайдын долбоору шаардын инфраструктурасын модернизациялоодогу маанилүү кадам болуп саналат. Долбоор «Ташболот Холдинг» компаниясы жана «Олд Бишкек» ЖЧКсы тарабынан каржыланат. Алар […]Читать далее
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Пакистандын Жогорку билим берүү комиссиясы жогорку билим берүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, кол коюу 2025-жылдын 11-12-январында Исламабад шаарында өткөн мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференциянын алкагында өттү. Меморандум академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, студенттерди жана окутуучуларды алмашууга, […]Читать далее