Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу аяктап, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер жолчусу Айбек Калмаматов билдирди. Анын айтымында, жол инвестициялык долбоорлордун алкагында курулуп, учурда куруу иштери 100%га аяктады. “Долбоордун алкагында 887 млн доллар каралган. Жолдун узундугу 453 […]Читать далее
Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова күн мурун БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Александра Соловьева менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча учурдагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүү пландарын талкуулашты. Анын ичинде, тоолуу региондордун жашоочуларынын социалдык-экономикалык абалын […]Читать далее
Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 22-23-январда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун борбордук аппаратынын жаңы түзүмүн бекитти. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда ведомствонун аппараттык жыйынында белгилүү болду. Тактап айтканда, борбордук аппараттын текшерүү башкармалыгынын функциясы кыскарды. Кайра уюштурууга чейин бул башкармалык негизинен буга чейин иштин мындай абалына нааразы болуп келген ири бизнеске карата көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүп келген. Эми Салык кызматынын борбордук аппараты көчмө текшерүүлөрдү […]Читать далее
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Суу ресурстары кызматына караштуу 5 бассейндик башкармалык түзүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суу ресурстарын пайдаланууну башкарууда бассейндик ыкманы киргизүү максатында министрлер кабинети төмөнкүлөрдү түзүү боюнча токтом кылат: “Талас суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси; “Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик […]Читать далее
Акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кореянын аймагында жүргөн кыргызстандыктарды сактык чараларын күчөтүүгө жана зарылчылык болбосо жашаган жерлеринен чыкпоого чакырат. “Коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана массалык иш-чараларга катышуудан толук баш тартууну өтүнөбүз”, – деп айтылат ведомствонун маалыматында. Министрлик өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргызстандын Кореядагы элчилигине төмөнкү байланыш номер аркылуу […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “Агро-Диалог 2025” аталышындагы агроөнөр жай форуму 28-29-30-31-январь күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Форумда республиканын бардык дыйкан-фермерлери, айыл чарба тармагынын ар бир багыты боюнча ийгилик жараткан чемпиондор жана ишкерлер менен баарлашып, мыктылар өз тажрыйбасын ортого салышат. Талкуунун жыйынтыгында агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлүп, ишкерлер бизнесин […]Читать далее
Кыргызстанда 13-январдан 19-январга чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 276 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 761; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 320; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 137; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым категориядагы жарандар үчүн акчалай компенсациялардын өлчөмүн жогорулатууну караган токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Бул кадамдын максаты жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алган жарандарды социалдык колдоону күчөтүү болуп саналат. Долбоорго ылайык, токтом кабыл алынса, 2025-жылдын 1-январынан тартып Ооган согушунун жана Чернобыль кыйроонун катышуучулары […]Читать далее
Жылуулук энергиясына белгиленген тариф 1560 сом болуп, Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин буйругу менен бекитилген. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын отун-энергетика комплекси департаментинин директорунун орун басары Мирлан Энназаров Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында ЖЭБ, “Бишкекжылуулуктармагы” жана «Бишкекжылуулукэнерго» сыяктуу үч ишкана иштеп жатат. Алар жылуулук энергиясын өндүрүү менен […]Читать далее