Бишкектеги мурдагы мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсү, 193а дарегиндеги “Ак-Кеме” бала бакчасынын жанында жайгашкан аянты 314 чарчы метр мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имараты мамлекеттик менчиктен (приватташтыруунун) мыйзамсыз чыгарылган фактылар аныкталган. Тактап […]Читать далее
“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдоруна карды тазалоо жана туз себүү иштерин баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 13:00гө карата линияга 44 атайын техника чыкты, 55 тонна техникалык туз колдонулган. Белгиленгендей, МАЗ үлгүсүндөгү 5 кар тазалоочу унаа, 5 даана Шахман КДМ (комбинацияланган автотранспорт), 2 даана фронталдык жүктөгүч, 24 даана щетка жана күрөктүү “Беларусь” трактору, 4 даана УКМ-2500 […]Читать далее
2025-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлиги артыкчылыктуу бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Аталган министрликтин маалымат жыйынында белгиленгендей, республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу, Бишкек –Ош жолунун Суусамыр тилкесин (100 чакырым) оңдоо, Ош – Баткен – Раззаков жолунун (28 чакырым) калган бөлүгүн куруу, Лебединовка ГЭС 5 жолун реконструкциялоо, Кырчын жайлоосуна баруучу жолду капиталдык […]Читать далее
2024-жылы Кыргызстанда 1 миң чакырымдан ашуун жол оңдолду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында маалымдалды. Белгиленгендей, анын 802 чакырымына асфальт төшөлгөн. Мындан тышкары, өткөн жылы 17 көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Ош – Баткен – Раззаков […]Читать далее
Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Исхак Масалиев, Гуля Кожокулова, Алишер Эрбаев, Эмил Токтошев, Аккулу Бердиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. МИКтин ишмердиги менен компаниянын жетекчисинин орун басары Нурадил Баясов тааныштырды. Анын айтымында, учурда МИКтин баштапкы капиталы 37,5 млрд сомго жеткен. Баясов муктаж жарандарды […]Читать далее
Ысык-Ата районундагы “Таза Жан” үрөнчүлүк чарбасында Германиядан алып келинген жашыл төө буурчактын “денис”, “мендоза” жана “ломка” жаңы сорттору сыноодон өттү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада “денис”, жана “мендоза” сорттору эргежээл (сабактын узундугу 40-45 см), ал эми “ломка” сорту болсо сойлоочу экени аныкталды. Белгилей кетсек, жогорудагы төө бурчактын жаңы […]Читать далее
Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов “Бизнес үчүн инновациялык чечимдер” долбоорун ишке киргизүү аземине катышты. Ведомстводон маалымдашкандай, долбоор USAIDдин колдоосу менен 2029-жылга чейин ишке ашырылат. Долбоордун максаты чакан жана орто бизнеске техникалык жардам берүү жана инновациялык “жашыл” технологияларды киргизүү жана колдонуу үчүн гранттык колдоо көрсөтүү аркылуу көмөктөшүү болуп саналат. Ошондой эле […]Читать далее
Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка постунда саат 06:20дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап, бороон болууда. Аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери тынымсыз уланууда. Өтмөк ашуусунда дагы ушундай эле кырдаал, анда жол №36 ЖТИнин кызматкерлери тарабынан тазаланып жатат. Белгилей […]Читать далее
Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү алгандар батирлерин ижарага берүүгө укугу жок. Эгер ушундай маалыматтар тактала турган болсо, автоматтык түрдө батири мамлекетке кайтарылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарга карата чара көрүлүп, үй кезекте турган кийинки жаранга берилет. “Биз 2024-жылы тапшырган 1059 батирдин бирөөсүн дагы ижарага берүүгө эч кимдин акысы […]Читать далее
Бишкек мэриясы ЕБРРден алган карыздын 31,7 млн сомун мөөнөтүнөн мурда төлөп бүттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, 2017-жылы алынган 25 млн евро кредитти 2025-жылдын 25-мартына чейин төлөш керек болчу. “Мындан сырткары, өзүнүн каражатына сатып алып жаткан техникалардын кезектеги партиясы келди. Бул кар күрөп, туз сепкен жана жайында жолдорду жууган […]Читать далее