Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы М. Горький атындагы STEM-билим берүү ыкмасындагы мектеп-гимназиянын мугалимдерине “Алтын Казык” маркасындагы алгачкы ноутбуктарды тапшыруу аземине катышты. Окуу жылдын үчүнчү чейрегинде Кыргызстандын мектептери, тагыраагы математика, физика, химия, биология жана компьютердик технологиялар боюнча так илимдердин мугалимдери 27 миң ноутбук алат. […]Читать далее
Россиянын Сахалин облусунда кармалган кыргызстандыктын жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти Маалыматка караганда, министрликте Сахалин облусунда Сахалин облусунун укук коргоо органдары тарабынан 2002-жылы туулган КР жараны А.Н.нын кармалганы тууралуу маалымат бар. Ал РФ Кылмыш-жаза кодексинин “Автомобиль, трамвай же башка механикалык транспорт каражатын башкарган адамдын, жол кыймылынын же транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы билим берүү байланыштарын бекемдөө боюнча мүмкүн болгон кадамдарды талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө элчи министрге VSО эл аралык ыктыярчылар уюмунун өкүлдөрүн тааныштырды. Өз кезегинде алар аталган уюмдун ишмердүүлүгү жана эл аралык аренада билим […]Читать далее
Бишкектеги “Россия” жана “Ала-Тоо” кинотеатрлары оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов аталган кинотеатрларга болгон иш-сапарында тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди. Министрликтен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө алгач кинотеатрлардын учурдагы сырткы жана ички келбетине өзгөчө көңүл бурулду. Максүтов эки имараттын тең маданий-тарыхый маанисин сактоо менен бирге заманбап стандарттарга жооп бериши керектигин белгиледи. […]Читать далее
Жыл жаңыргандан бери мугалимдерге бериле турган “Алтын казык” брендиндеги ноутбуктардын техникалык талаптарга шайкештиги текшерилүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнү компетенттүү адистерден турган комиссия жүргүзүүдө. Комиссия мүчөлөрү ноутбуктарды иштетип көрүп, аларга жүктөлгөн программалык продуктылардын актуалдуулугун текшерип, техникалык талаптарга шайкештигин аныкташууда. Коюлган талаптарга жооп берген ноутбуктардын алгачкы партиясы бүгүн, 22-январда Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнө […]Читать далее
Бишкек шаарынын аймагында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалап, туз себүү иштерин жүргүзүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 16:00го карата нөөмөттө 90 бирдик атайын техника жана 700дөн ашуун ишкананын кызматкерлери иштеп жатат. Белгиленгендей, Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоого МАЗ үлгүсүндөгү кар тазалоочу 43 машина, 10 даана Шахман (комбинацияланган жол техникасы), 2 даана фронталдык жүктөгүч, 24 даана […]Читать далее
“Кыргыз темир жолу “мамлекеттик ишканасы 36 жаңы вагон сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу ишкананын директорунун орун басары Дастан Усубакунов Транспорт жана коммуникация министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, учурда темир жол каттамдарындагы вагондорду жаңылоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. “Биздин вагондор эскиргендиктен аларды алмаштыруу керек. Албетте, оңдоого боло тургандарын оңдоп […]Читать далее
Бишкектеги 109 мектепке адамдын жүзүн таануу функциясы бар камералар орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, камераларды орнотуу иштери эки жылга созулган. Учурда айрым мектептерде иштей баштаса, кээ бирлеринде аларды туташтыруу иштери жүрүп жатат. Ички иштер башкы башкармалыгы бул иш-чаралардын максаты балдардын коопсуздугун камсыз кылуу экенин айтып, ар бир мектепте […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин кызматкерлери тарабынан айыл чарба малдарынын жана үй канаттууларынын санагы жүрүп жатат. Ведомстводон билдиришкендей, учурда Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткен облустарына малдарды эсептөө боюнча контролдук иш чараларды өткөрүүдө. Анын жыйынтыгы февралдын аягына чейин чыгарылат. Эске салсак, былтыркы санакта […]Читать далее
Бүгүн президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилигине бир катар маанилүү тапшырмаларды берди. Берилген тапшырмалар компаниянын ишин жакшыртууга жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. 1. Коррупциянын алдын алуу – МИКтин кызматкерлерин коррупцияга аралашпоо үчүн алдын алуу чаралары тапшырылды. Мындай чечим компаниянын ишенимдүүлүгүн камсыздоо жана жарандардын ишенимин бекемдөө максатында кабыл алынган. […]Читать далее