Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-мартынан тартып акциздик маркасы жок бир катар товарларды жүгүртүүгө тыюу салынарын эскертет. Ушул күндөн тартып Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик маркасы жок төмөнкү товарларды сатууга, сактоого жана ташууга тыюу салынат: – Түтүктүү тамеки, тартуучу, жыттоочу, кальяндык тамекилер (коду ТН ВЭД 2403). – Майлоочу майлар, башка майлар жана аларга кошундулар (коду ТН ВЭД 2710197100–2710199800, 3811210000). […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматында 2023-жылдын 25-декабрынан 30-декабрына чейин өткөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрүнө батирлердин сертификаттарын тапшыруу аземи болуп өттү. Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков жеңүүчүлөргө сертификаттарды тапшырды. Иш-чаранын соңунда катышуучулар курулуп жаткан турак үйлөргө барып, келечектеги көптөн күткөн батирлерин көрө алышты. Эскерте кетсек, “Чек талап кылып, байге утуп […]Читать далее
Өлкөдө картошканын кору (запасы) жетиштүү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, республика боюнча картошкага болгон бааны туруктуу кармоо максатында, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Маселен, 3-февралда Ош шаарында картошканын дүң баасы 60 сомдон болсо, ыкчам көрүлгөн чаралардын негизинде ошол эле күнү кечке маал картошканын дүң баасы турукташып, […]Читать далее
2025-жылдын 27-январынан тартып, 1-февралына чейин, өлкө аймагында “Жөө жүргүнчү” аталышында рейд өткөрүлүп, жалпы 19317 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Алардын ичинен: -1842 жөө жүргүнчүгө жолдорду кесип, туура эмес жерлерден өткөндүгү үчүн 1000 сомдон айып салынган; -4920 айдоочуга жөө өткөлдөрдөн жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербегендиги үчүн 3000 сомдон айып салынды. Эскерте кетсек, 2024-жыл ичи катталган жол […]Читать далее
Прокуратура органдарынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кеңейтилген коллегиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумда 2024-жылдын жыйынтыктары талкууланып, прокуратура органдарынын мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча аткарган иштери боюнча баяндамалар угулду. Атап айтканда 2024-жылы республика аймагы боюнча 14 124 прокурордук актылар келтирилип, жыйынтыгы менен 7 708 кызметкер жоопкерчиликке […]Читать далее
Бүгүн, 28-январда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган “Агро-Диалог 2025” агроөнөр жай форуму өз ишин баштады. Төрт күнгө созулган иш-чарага айыл чарба тармагынын лидерлери, мыкты фермерлер, ишкерлер жана адистер катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Форум ишкерликти өнүктүрүүгө, экспортко жол ачууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк берет. Агрофорум 28-30-январда К.И. Скрябин […]Читать далее
Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Кытай Эл Республикасында Жаз майрамы майрамдала тургандыгына байланыштуу, коңшу мамлекеттин демилгеси менен өткөрмө бекеттер 29-январдан 31-январга чейин жабылат. Өткөрмө бекеттер 1-февралда кайра иштеп баштайт.Читать далее
Бишкек шаарынын 2024-жылдын январь-декабрда түшкөн кирешелери 36,8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу шаар мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков мэриянын коллегиясында билдирди. Анын айтымында, кирешелердин көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 14,9 млрд сомго көбөйүп, өсүү темпи 168,4%ды көрсөттү. “Салыктык кирешелер 16,6 млрд сомду түздү. Бул 2023-жылга салыштырганда 3,5 млрд сомго көбөйдү, өсүү темпи 127,5 пайызды […]Читать далее
Эртең электр энергиясына карызы бар Бишкектеги 5300дөн ашык абонент дистанциондук түрдө өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасы билдирди. Белгиленгендей, шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн компаниянын сайтында «Абоненттик баланс» бөлүмү бар, анын жардамы менен компаниянын бардык абоненттери, анын ичинде турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк абоненттери каалаган убакта жеке кабинетинин абалын көрө алышат. Мындан тышкары, турак-жай абоненттери […]Читать далее
Бишкекке 12 метрлик, газ менен жүрүүчү IZUZU үлгүсүндөгү 43 бирдик жүргүнчү автобустардын үчүнчү партиясы алынып келинди. Мэриядан билдиришкендей, үч эшиктүү 12 метрлик автобустар 85 жүргүнчүгө ылайыкталган. Автобуста ден соолугунан мүкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар коюлган, кош бойлуу аялдар жана кары-картаңдар үчүн атайын орундуктар каралган. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулулугуна жооп берген жабдыктар ( камера, аба […]Читать далее