2024-жылы республика боюнча 59 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлүп, айыл чарба өндүрүшүндө өз ишмердүүлүгүн жигердүү жүргүзүп жатат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, кооперативдик системаны өнүктүрүү жана түзүү максатында, региондордогу майда айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба кооперативдерине өз ыктыяры менен биригүү принциптерине жана демократиялык башкаруу механизмин жайылтуу үчүн тийиштүү иштерди […]Читать далее
Бишкекте окуучунун өлүмүнөн соң №72 мектептин жетекчилиги иштен алынды. Муниципалитеттен кабарлашкандай, мэриянын Билим берүү департаментинин буйругу менен аталган мектептеги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн. Маалым болгондой, бүгүн жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен аталган мектептин директору Д.А.Назаркулова, директордун тарбия иштери боюнча орун басары А.Орозбаева, социалдык педагог М.Базарбаева, класс жетекчиси А.Каракойчиева функционалдык милдеттерин талаптагыдай […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бир катар объекттердин иши менен таанышты. Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы “Орто-Алыш”, “Баш-Кара-Суу” ири суу алгыч жайларын, Жал айылындагы “Жан-Уя” бала бакчасындагы инновациялык от казандын иштөөсүн, жаңы чыгыш жана (убактылуу) батыш автобекеттерин,түндүк айланма жолундагы демонтаждоо иштерин, “Дордой” жана “Оберон-Форт” базарынын ички жолдорунун абалын, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасындагы Депо-2ни, “Алга” спорт […]Читать далее
Кыргызстанда илимий кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле КР президентинин жарлыгын ишке ашыруу үчүн министрлер кабинети “Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жана штаттык саны жөнүндө” токтомун кабыл […]Читать далее
2024-жылы өлкө аймагында 133 өзгөчө кырдаал катталып, 79 адам каза болду. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борбору маалымдады. Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин төрагалыгында коллегиянын отуруму өткөрүлдү. Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылы аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2025-жылы аткарылуучу негизги милдеттер баса белгиленди. КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев, Президенттик Администрациясынын Кырдаалдарда башкаруу борборунун […]Читать далее
Бүгүнкү күндө өлкөдө 249 миңден ашуун турак жай камсыздандырылды. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда 249 миң 538 турак жай камсыздандырылды. Ал эми автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги боюнча 217 миң 468 камсыздандыруу келишими түзүлдү.Читать далее
Жер мунапысы боюнча кампания башталгандан бери өлкө боюнча турак үйлөр салынган жерди мыйзамдаштырып берүүнү өтүнүп 150 миңден ашуун арыз жазылган.Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Жер ресурстары,кадастр,геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башкы адиси Ринат Алыкулов билдирди. Ал белгилегендей, учурда 40 миң 648 үйгө паспорт, ошондой эле 61 […]Читать далее
Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн Россия президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, достук алакаларды бекемдөөнү, ошондой эле өлкөлөр аралык маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашты. Мамкатчы белгилегендей, Михаил Швыдкойдун сапары жаңырган жылдагы эки тараптуу мамилелердин маанилүү окуясы болуп саналат. Ал Кыргызстан менен Россиянын […]Читать далее
Бүгүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинин түзүмүнө айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтсак, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, жаңы министрлик архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба жана курулуш өнөр жайы тармагындагы башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлдү. Министрликтин түзүлүшү курулуш секторунун экономикадагы […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясынын жыйынтыгы менен өлкөдө маданият жана спорт тармагындагы мыкты 10 мекеме белгилүү болду. Ведомстводон маалымдашкандай, аларга 150 миң сом өлчөмүндө атайын сыйлыктар тапшырылды. Маданият министри Алтынбек Максутов бул колдоо жыл сайын өткөрүлөрүн жана тандоо критерийлери жакшыртыларын белгиледи. “Биздин максат – маданият жана спорт мекемелеринин арасында атаандаштыкты күчөтүп, жогорку […]Читать далее