Бишкектин Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси старт алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет. Жарманке 31-декабрга чейин уланат. Иштөө убактысы саат 10:00дөн 17:00гө чейин. Шаар тургундарына атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын дүң баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жарманкеге катышууну каалаган дыйкандар жана өндүрүүчүлөр 0555 34 60 […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан салынып жаткан муниципалдык үлүштүк курулуш программасы боюнча үйлөрдү куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мында №6 Тилеке-Баатыр, №48 А Ашимахунов, №3 Набережный дарегендеги үйлөрдүн курулуш иштерин көрүп чыкты. Орун басар З. Юсупов бардык курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү керектигин билдирди.Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Сай-Бою көчөсүндө жаңыдан курулушу башталган муниципалдык күрөш залы менен таанышты. Шаар башчысы курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген убактысында бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Аталган мекемеде спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, жуунучу, кийим алмаштыруучу жайлар, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр болот. Курулуштун жалпы аянты 588 м2 түзүп, улан, кыздардын машыгуусу үчүн ылайыкталган.Читать далее
Бишкекте борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн 1-январь түнү жаңы жылдык иш-чаралардан кийин Ала-Тоо аянтынан автобус-троллейбустар каттайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 1-январда саат 00:30дан баштап автобустар Ала-Тоо аянтынан төмөнкү каттамдар боюнча жүрөт: – «Ала-Тоо» аянты – «Рухий Мурас» конушу; – «Ала-Тоо» аянты – «Көк-Жар» конушу; – “Ала-Тоо” аянты – 12 кичи район; – “Ала-Тоо” аянты […]Читать далее
2023-жылы 28 миң 958 тонна товардык балык өндүрүлгөн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп. Мындан тышкары, бул аралыкта 2 млн 100 миң сомго балык уулоо билеттери жана карточкалар берилди, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп.Читать далее
«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматты таркатты. Ага ылайык, 2021-2023-жылдар аралыгындагы «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун каттамдарынын жана жүргүнчүлөрүнүн динамикасы (учуп келүү/учуп кетүү): Акыркы 3 жылда тейленген каттамдардын жалпы саны 27%га өстү. Эл аралык каттамдар 31% көбөйдү. Республика ичиндеги каттамдар 19%га өстү. 2023-жылдын алдын ала жыйынтыктары боюнча «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому тейлеген каттамдардын […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясына КРнын Мамлекеттик гербинин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев гербди жана ардактуу кароол үчүн кабинаны жаңылоо өтүнүчү менен кайрылган. Кайрылууда бүгүнкү күндө орнотулган кабинанын эскиргендиги жана гербдин сүрөтү өчүп жаткандыгы белгиленген. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы тарабынан Ала-Тоо аянтында герб түшүрүлгөн ардактуу кароолдун кабинасын реконструкциялоо үчүн дизайн-долбоорго сынак жарыяланган. Бирок, катышуучулардын эмгектеринин сунушталган варианттары талаптарга жана […]Читать далее
2023-жылдын 25-декабрында мэр Айбек Джунушалиев райондук администрациялардын башчыларынын жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин катышуусунда жыйын өткөрдү. Анын алкагында мэр жетекчилерге РИИБ менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү жана интимдик кызмат көрсөткөн уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча рейддерди өткөрүү тапшырмасын берди. Алсак, рейддерге төрт райондун акимдери, райондук администрациялардын, укук коргоо органдарынын, Мамлекеттик салык […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри жаңы жылдык майрамдар жана кышкы каникулдар мезгилинде жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө буйрук чыгарды. Жаңы жылдык майрамдар жана кышкы каникул мезгилинде өзгөчө кырдаалдардын пайда болушуна шарт түзгөн себептерди жана шарттарды жоюуга багытталган ишти күчөтүү боюнча чараларды көрүү максатында иш-чаралар планы бекитилди. Аталган буйрук менчигинин түрүнө, же […]Читать далее
Быйыл «Манас» аэропортунун жалпы кирешеси 20%га көбөйгөн. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык баракчасына жазды. 2021-жылдан 2023-жылга чейин «Манас» аэропортунун жалпы кирешеси 52% га өскөн. 2023-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча кирешенин жалпы көлөмү 10,7 млрд сомду түзөт, бул 2022-жылга салыштырмалуу кирешенин 1,7 млрд сомго же 20%га көбөйгөн.Читать далее