Бишкекте 27-декабрда ишкер айымдарга колдоо көрсөтүү максатында жаңы жылдык жарманке ачылды. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Жарманке “Дордой Плаза” соода борборунда өтүүдө. Анда Кыргызстандын айымдары чыгарган көптөгөн кереметтүү, уникалдуу, сапаттуу, ата мекендик продукциялар коюлду. Сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кыргызстандагы БУУнун Аялдар уюму менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” акциясынын […]Читать далее
Президенттин Администрациясында ШКУнун алкагында санариптештирүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана “Жибек жолу” өнөр жай интернетин илгерилетүү борборунун башкы директору Ян Юн Шанкай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын илим, технология жана инновация жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча билдирүүсүн ишке ашыруунун алкагында санариптештирүү жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана […]Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 27-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Манас проспектиси, 12 дарегинде жайгашкан Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын ачылыш аземине катышты. Министр эне жана баланын ден соолугу Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи. Бишкек шаарындагы балдарга өз убагында, сапаттуу жана квалификациялуу медициналык жардамды камсыз кылуу максатында балдар бейтапканасын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев “Келечек” балдарды реабилитациялоо борборунда дарыланып жаткан балдардан кабар алып, жаңы жылдык белектерин тапшырды. Аталган иш чарада Каныбек Туманбаев, “Келечек” балдарды реабилитациялоо борбору туура 1 жыл мурда Бакиевдердин үйүнүн ордуна курулган. Учурда өлкөнүн ар бурчунан келген муктаждарга кызмат кылууда. Президентибиз дагы 1000 орундук балдарды реабилитациялоо борборун куруу боюнча тапшырма […]Читать далее
Бүгүн, С. Ибраимов атындагы ОУДТда Ош шаарынын мэринин балдар үчүн жаңы жылдык “Алтын балаты – 2024” майрамы болуп өттү. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаанын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, кубаныч жана окууларында албан ийгиликтерди каалады. Мэрдин балатысына 600дөн ашуун мектептин алдыңкы окуучулары, майыптыгы бар, аз камсыз болгон, […]Читать далее
Бишкек шаарында Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын залында борбор калаанын мэринин жаңы жылдык балатысы болуп өттү. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жаш бишкектиктерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады. «Кышкы эс алууңар жакшы өтөт деп үмүттөнөм. Бул күндөрдү жакшы маанайда өткөрүп, позитивдүү энергия алып, жаңы күч менен окууну баштооңуздар […]Читать далее
2023-жылдын 27-декабрынан баштап Бишкек шаарында менчигинин түрүнө карабастан автотранспорт ээлерине коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеде жүрүүгө уруксат берилет. Ошентип, коомдук транспорт үчүн атайын тилкеде бардык унаалар үчүн кыш мезгилинде – 20.00дөн 8.00гө чейин, калган мезгилде – 21.00дөн 7.00гө чейин жүрүүгө уруксат берилет. Бул иш-чаралар Бишкек шаарынын жол тармагын коомдук транспорт үчүн атайын тилкеси менен өткөрүү […]Читать далее
Бүгүн Ош шаардык прокуратурасында бизнес чөйрөсүнүн, шаардагы курулуш компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош шаарынын прокурору Малик Бектурганов, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Майрамбек Карыбеков, шаардык жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Жыйында ишкерлерге текшерүү жүргүзгөн учурда ачык-айкындуулукту камсыздоо, бизнеске […]Читать далее
Бишкекте 2024-жылдын 15-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Тиешелүү токтомдун долбоору бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда каралып, колдоо тапты. Ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот. Маршруткаларда болсо төлөм 20 сомду […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогорку экендигин эскертип, айдоочуларды этият болууга чакырды. Ведоомствонун билдирүүсүнө караганда, 27синен 30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү түшүү коркунучу жогору ашуулар: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), […]Читать далее