Бүгүн министрлер кабинетинде улуттук идеологиянын негизги багыттарын аныктоо боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган мамлекеттик органдын өкүлдөрү, тарыхчылар, маданият өкүлдөрү, академиктер, коомдук ишмерлер катышты. Жыйында катышуучулар тараптан идеологияны жайылтуу, улуттук баалуулуктарды сактоо жаатында түрдүү багыттагы сунуштар берилди. Мындан тышкары, идеологияны жайылтууну бала бакча, мектептерден баштап, тарыхый кино, сериал, балдар […]Читать далее
Жаңы жылдык майрамдардын алдында Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын катышуусунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бир катар жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү кайрымдуулук балаты майрамы болуп өттү. Бул иш-чара жакшы салтка айланып, Улуттук тарых музейинде экинчи жыл катары менен өтүп […]Читать далее
Министрлик Санарип MED Саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында интеграцияланган санариптик медициналык картаны жана дарыгердин кабыл алуусуна онлайн жазылуу кызматын киргизүүдө. Кызматтын техникалык модернизациясы бейтаптарга ыңгайлуулукту жогорулатууга жана үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Модернизацияланган кызмат баштапкы денгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын (ҮМБ, ҮДТ) үй-бүлөлүк дарыгерлеринин кабыл алуусун онлайн режиминде түзүүгө мүмкүндүк берет, өз […]Читать далее
2023-жылы 10 бала бакчанын курулушун жана 2 бала бакчанын оңдоп-түзөөсүн бүткөрүү пландалган. Бүгүнкү күнгө карата 11 бала бакча пайдаланууга берилди (9 курулуш, 2 оңдоп-түзөө), ал эми 1 бала бакчанын курулушу бүткөрүү алдында турат. Чуй облусу боюнча – 1; Баткен облусу – 1; Ысык-Көл облусу – 1 курулуш,1 оңдоп-түзөө; Нарын облусу – 2; Ош облусу – […]Читать далее
Кыргызстанда Калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана паспорт бөлүмдөрү 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигнин басма сөз кызматы билдирет. Республикадагы КТБлар жана Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмдөрү (паспорттук бөлүмдөрдүн) 8-январдан тарта кадимки режимде иштеп, калкка кызмат көрсөтө баштайт. Бүгүн, 29-декабрда пилоттук долбоордун алкагында Бишкектеги эки КТБ саат 20:00гө чейин иштейт. Алар: […]Читать далее
29-30-декабрь аралыгында Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255- чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 86-101-чакырымдарында жана […]Читать далее
Президентин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгына издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө зарыл болгон атайы шаймандарды тапшырды. ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, шаймандар Ош облусунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен сатып алынды. Ошентип, куткаруучуларга ылай сууларды сордуруучу мотопомпа, атайы издөө иштерине багытталган дрон аппараты жана ошондой эле куткаруучулар колдонуучу аркандай шаймандар, […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова суроо-талапка ээ болгон кесиптерге кыска мөөнөттүү окутуу боюнча жаңы долбооруна старт берди. Ведомствонун маалыматына караганда, бул долбоор Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин колдоосу менен ишке ашат. Долбоордун максаты аз камсыз болгон жана толук эмес үй-бүлөлөргө, жумушсуз жаштарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кыска мөөнөттө талап кылынган кесиптерге […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисиндеги кароосуз калган сквер реконструкцияланып, пайдаланууга берилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, эс алуу багына мамлекеттин чек арасынын бүтүндүгүн сактап, 2022-жылда Баткендеги каргашалуу окуяда баатырларча курман болгон Нурислам Карыбековдун ысымы ыйгарылды. Эс алуу багынын ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, депутаттар, ысымы ыйгарылган Н.Карыбековдун жакындары, шаар тургундары катышты. […]Читать далее
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркештам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 2024-жылдын 1-январында убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет. Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жыл майрамдаларына байланыштуу жабылат. Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 2-январда калыбына келтирилет. КР УКМК Чек ара кызматы эскертет: “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары штаттык режимде иш […]Читать далее