Бүгүн КР УКМК жетекчилиги жана Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондженин катышуусунда УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун базасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборунун (SOC) ачылыш аземи өттү. УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, SOCтун ачылышы Кыргызстандын киберкоопсуздугун камсыздоодогу стратегиялык кадам болду. Борбор санариптик мейкиндикке күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле киберкоркунучтарды ыкчам аныктоону жана аларга жооп кайтарууну […]Читать далее
2023-жылы Кыргызстанда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү 17 машина-трактордук станция уюштурулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов билдирди. Директордун айтымында, анын ичинен 3 МТС муниципалдык, 14ү жеке тараптарга таандык, бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырганда 6 эсеге жогору. “Ал эми өлкө боюнча МТСтердин саны 142ни түзөт, анын […]Читать далее
2023-жылы республика боюнча 216 айыл чарба кооперативдери жаңы түзүлүп жана токтоп тургандар жандандырылып айыл чарба өндүрүшүндө ишке кирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө айыл чарба кооперативдерин түзүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Кожогулов белгилегендей, 2023-жылга карата жалпы республика боюнча 694 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам 2021-жылдын 8-февралындагы КР Президентинин № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Сунушталган өзгөртүүлөр менен Мыйзамдын түзүмү кайра каралган, мамлекеттик жөнгө […]Читать далее
2023-жылы республика боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын жалпы саны 1765 даананы түздү, ал эми ээлеген аянты 203,1 га жерге жетти. Облустар боюнча алып караганда: 📍Чүй облусу боюнча 265 даана, 53 га жерге, 📍Ысык-Көл – 74 даана, 5,0 га, 📍Нарын-38 даана, 5,0 га, 📍Талас-15 даана, 4,0 га, 📍Ош – 370 даана, 53,0 га, 📍Баткен – 191 даана, […]Читать далее
Финансы министрлиги мамлекеттик башкаруу секторунда бирдиктүү эсеп планын колдонуу менен «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизди. Ведомстводон билдиришкендей, эсептердин бирдиктүү планы (ЭБП) – бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчетторду жана финансылык отчеттуулукту түзүү үчүн куралы болуп эсептелет. Иштелип чыккан Эсептердин бирдиктүү планы кассалык жана чегерүү ыкмаларын колдонуу менен чарбалык операцияларды эсепке […]Читать далее
Быйыл Кыргызстанда 65 млн сомго In vitro илимий-изилдөө жана өндүрүштүк биологиялык лаборатория курулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев билдирди. Анын айтымында, КР президентинин жарлыгы менен “Органикалык өндүрүш жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы департаменттин 2023-жылдагы эң башкы жетишкендиги болду. “In vitro биологиялык лабораториясында микроклоналдык ыкма менен […]Читать далее
Балыкчы шаарында муз алдына түшүп кеткен балдарды куткарып калган ммилиционер Амантур Бакиров Ички иштер министрлигинин “Каармандык” медалы менен сыйланды. Ведомстводон билдиришкендей, медаль ички иштер министри Улан Ниязбековдун Амантур Бакировду сыйлоо тууралуу буйругуна ылайык тапшырылды. Сыйлыкты алуу үчүн Амантур Бакиров атасынын ИИМдин ардагери отставкадагы милициянын подполковниги Давлетбаев Кермакун агабыздын коштоосунда келди. Сыйлыкты министрдин биринчи орун басары […]Читать далее
Кыргызстан Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргыз элинин атынан гумжардамды жеткирүүдө өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырды. Алгач министр Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы деректаратынын башчысы Алабед Ибрагим Абдул Салам Халил менен телефон аркылуу байланышып, гумжардамды топтоодо эң зарыл болгон муктаждыктарды талкуулашкан. Өз кезегинде Палестинанын […]Читать далее
Бишкекте 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, токтомдун долбооруна БШКнын төрагасы Куванычбек Конгантиев бүгүн кол койгон. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ошентип, 30-январдан тарта накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы […]Читать далее