1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, көбөйтүүнүн минималдуу өлчөмү 1 миң сомдон кем эмес, ал эми максималдуу өлчөмү 10 миң сомдон ашпайт. “Пенсияларды кайра эсептөө президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө. Октябрь айынан баштап […]Читать далее
Бишкекте абанын күндүзгү температурасы 28°C жана андан жогору болгон учурда жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө дагы деле күчүндө. Муниципалиттен билдиришкендей, чектөө 1-октябрга чейин күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин колдонулат. Бишкек мэриясы айдоочуларды жана транспорттук компанияларды белгиленген талаптарды сактоого жана оор жүк ташуучу унаалардын маршруттарын чектөө колдонулбаган убакытка […]Читать далее
Кыргызстанда фермерлерге 3 пайыздык насыя берүүгө 1 млрд 232 млн сом каралып, учурда анын 700 млн сомго жакыны 193 фермерге берилди. Бул тууралуу Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Каландаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери 3 пайыздык насыя “А банк” жана “Элдик банк” аркылуу берилип келет. Насыя негизинен өзгөчө […]Читать далее
2026-жылдын сегиз айында “Балдар үчүн ишеним телефону 111” кызматына 5 миң 737 кайрылуу түшүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик үч эсеге өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Жалпы 49 миң 511 телефон чалуу катталган. Кайрылуулардын 1 миң 221и балдардан, 4 миң 516сы чоңдордон түшкөн. Кайрылуулардын 4 миң 958и боюнча консультация […]Читать далее
Нарында жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, очогунда күчү 3.5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Жаңы-Талап айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 31 чакырым түндүктө жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Көк-Жар, Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында – 3 балл, Ак-Тал, Сары-Иймек айылдарында – 2.5 баллга жеткен.Читать далее
Кыргызстандын мектептеринде окуучулардан жана ата-энелерден негизсиз акча каражатын чогултууга тыюу салынат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Дүйшөн Акимжанов билдирди. Анын айтымында, мектеп жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталса, Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчилик каралган. “Ошондой эле акча чогултуу демилгеси ата-энелер тарабынан көтөрүлгөн учурда да […]Читать далее
Бүгүн, 9-сентябрда борбор калаада мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда “Асман Парк” үй-бүлөлүк оюн-зоок борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Мэриядан билдиришкендей, майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов, Гуля Кожокулова жана “Асман Парк” борборунун директору Айбек Сулайманбеков катышты. Үй-бүлөлүк оюн-зоок борбору көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы “Асанбай” паркын реконструкциялоонун негизинде түзүлдү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында бул […]Читать далее
Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында күн электр станциясын куруу үчүн берилген 800 гектар айыл чарба жерине байланыштуу мыйзам бузуу аныкталды. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, текшерүүдө айыл чарба жерлерин башка категорияга которууда өндүрүштүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну эсептөөдө формуланын коэффициенти негизсиз колдонулганы белгилүү болгон. Натыйжада “Ч” ЖЧКсына 47 млн 300 миң сомдон ашык […]Читать далее
Кыргызстанда балык тоюттарын импорттоого 2026-жылдын 10-сентябрынан тартып алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизилет. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул чара ата мекендик балык тоюттарын өндүрүүнү колдоо, аквакультура тармагын өнүктүрүү жана ички рыноктун импорттук продукцияга көз карандылыгын азайтуу максатында кабыл алынууда. “Учурда өлкөдө балык тоюттарын өндүргөн төрт завод иштеп, жылына […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 9-сентябрда кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады. Мамлекеттик катчынын куттуктоосунун тексти: “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу кыргызстандыктар! Сиздерди улуттук маданиятыбыздын улуу мурастарынын бири болгон Комуз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Комуз – кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын үнү. Жазма маданият кеңири жайыла элек замандарда эле элибиз өзүнүн тарыхын, санжырасын, нарк-насилин, дүйнөгө болгон көз […]Читать далее