Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул тууралуу бүгүн, 9-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчилигинин төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шаянын жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Ведомстводон белгилешкендей, жолугушуунун алкагында Алымкадыр Бейшеналиев менен шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая Эне жана баланы коргоо улуттук […]Читать далее
Республикалык иммунопрофилактика борборунун борбордук кампасына Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасынын 20 160 дозасы келип түштү. Калктын эң аялуу катмары COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү үчүн алар өлкө боюнча эмдөө пункттарына таратылат. COVAX уюму тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу жеткирилген вакциналардын жалпы баасы 136 миң АКШ долларын түзөт. «COVID-19 программаларын колдоонун алкагында учурда 58 мамлекет, анын ичинде […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлигинде бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңешме өттү
Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлердин жана жогорку деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Башкармалык жетекчилеринин жана гемодиализ жамаатынын өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңешме өткөрдү. Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстанда тууган донордон бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча буйругун ишке ашыруу маселеси каралды. Бөйрөк трансплантациясына муктаж реципиенттердин […]Читать далее
Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында биринчи жолу кардиохирургия боюнча бейтаптын жүрөгүн токтотпой, согуп турган абалда ачык түрдөгү хирургиялык операция жасалды. Окуу жайдан билдиришкендей, коронардык артерияны шунттоо операциясы – шунттарды (кан тамыр трансплантаты) колдонуу менен коронардык тамырдын тарылган жерин айланып өтүү аркылуу жүрөктүн артерияларында кан агымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү операция болуп саналат. Операция ОшМУнун медициналык […]Читать далее
Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж кыргызстандыктарга мамлекет тарабынан 617 миң 166 сомдон бөлүнүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева билдирди. Анын айтымында, операциянын өзү 750 миң сомду түзөт, бейтап анын ичинен операцияга даярдоо бөлүгүнө 150 миң сомго жакын акча коротот. “Көптөр бекер операциянын тизмесине кирбей калабызбы деп […]Читать далее
Бүгүн, 1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу операциясы жасалып, андан кийин бөйрөк реципиентке трансплантацияланган. “Операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлигинде Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин жана жеке менчик медициналык борборлор менен лабораториялардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө жеке сектордун санариптик чечимдерин интеграциялоого өзгөчө көңүл бурулуп, саламаттыкты сактоону санариптик трансформациялоонун негизги багыттары белгиленди. Бул кадам бейтаптардын, ошондой эле дарыгерлердин ыңгайлуулугун жакшыртууга багытталган. […]Читать далее
2024-жылы кургак учукка каршы программанын керебеттик фонду 35%га кыскарат. Акыркы 10 жылда Кыргыз Республикасында кургак учук менен ооругандардын жана өлүм учурларынын туруктуу төмөндөшү байкалууда. 2017-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде кургак учук менен ооругандардын 100 миң калкына 88,5тен 65,5ке чейин азайганы байкалган. Кургак учук менен ооруган өлкөнүн ооруканаларында керебеттер толтурулбайт. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен өлкөнүн кургак учукка каршы […]Читать далее
Кыргызстандык адистер Түркиянын Инөнү университетинде органдарды трансплантациялоо боюнча бекер окуудан
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын Инөнү университетинин ортосунда кол коюлган кызматташуу келишиминин алкагында бүгүн, 2023-жылдын 24-январында Улуттук хирургия борборунун адистеринен турган топ боорду трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө керектүү билимди жана практикалык тажрыйбаны алуу боюнча стажировкадан өтүү үчүн үч айлык мөөнөткө Түркияга жөнөтүлдү. 13 адистен турган дарыгерлер тобунда хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана […]Читать далее
Бүгүн, 2024-жылдын 18-январында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда КТ диагностикалык кабинетинин ачылыш аземи болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Масабиров, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал, Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров жана борбордун […]Читать далее