Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж кыргызстандыктарга мамлекет тарабынан 617 миң 166 сомдон бөлүнүүдө

 Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж кыргызстандыктарга мамлекет тарабынан 617 миң 166 сомдон бөлүнүүдө

Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж кыргызстандыктарга мамлекет тарабынан 617 миң 166 сомдон бөлүнүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева билдирди.

Анын айтымында, операциянын өзү 750 миң сомду түзөт, бейтап анын ичинен операцияга даярдоо бөлүгүнө 150 миң сомго жакын акча коротот.

“Көптөр бекер операциянын тизмесине кирбей калабызбы деп кооптонуп жатат. Бул алкагчкы гана кадамдар деп эсептейм.Мүмкүн, келечекте бөйрөктү бекер алмаштыруу операциялары каржылана берет”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда 22 жаштагы бейтапка биринчи жолу бөйрөктү бекер алмаштыруу операциясы жасалган.

Связанный пост