Бүгүн саат 19:00гө карата Ош шаарындагы сел жүргөн аймактарга 258 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Алар Төлөйкан айылында жана Кара-Суу районунда селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Жеринде ӨКМдин 5 оор техникасы, ага кошумча 15 инженердик техника тартылды. Кошумча маалымат берилет. Белгилей кетсек, бүгүн саат 14:00дөр чамасында катуу жаандан улам Ак-Буура дарыясынын деңгээли […]Читать далее
Ош шаарында сел жүрүп, 420дан ашык адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ош шаарында алдын ала маалымат боюнча, бүгүн саат 14:00 чамасында “112” кызматына катуу жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары эс […]Читать далее
Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун жаандан келген сел суулары турак үйлөргө кирип, ички чарбалык жолдорду каптаган. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу район аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Учурда сел кесепеттерин жоюуга Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүкзар тилкесинде ӨКМден 121 куткаруучу жана 7 мотопомпо, […]Читать далее
Ош шаарында 5 күжүрмөн эсеп тартылган өрт 7-июль күнү, саат 15:08де толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Өрттүн кесепетинен 5 турак үй күйгөн. Белгилей кетсек, 7-июль күнү Ош шаарынын Закиров көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Натыйжада 700 ч/м турак үй толугу менен күйүп, жанаша жайгашкан экинчи турак үйдүн 250 ч/м аянты толугу менен, үчүнчү […]Читать далее
Ноокен районунда селден улам 300 үй-бүлө эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, күн мурун нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттордон суу топтолуп, сел жүргөн. Селдин кесепеттерин жоюуга жерине жалпысынан 134 кызматкер, 13 инженердик техника тартылган. Тилекке каршы, Эски-Кочкор-Ата айылынын кичинекей тургуну Э.Ж. аттуу […]Читать далее
Айтматов районунда үрөй учурган окуя катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-майда саат 00:37 чамасында 102 кызматына Айтматов районунун Ак-Башат айылында адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат түшкөн. Тезинен окуя болгон жерге аталган ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо учурда 1997-жылы туулган М.Ж. жана анын төрт жаштагы кызынын, эки жарым […]Читать далее
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя орун алды. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынан билдиришти. “Бүгүн, 7-майда болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети Тажикстандын жарандарын – малчыларды байкаган. Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 250-300 метрдей аралыкта Кыргызстандын аймагында […]Читать далее
Бүгүн, 2024-жылдын 4-майында 2015-жылы туулган бейтап Ю.А.нын баш сөөгүнүн сынуусунан улам операция жасалып, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка адистер менен бирге катышты. Бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланат. Калган бейтаптардын абалы алган жаракаттарынын оордугуна туура келет, адистер менен бардык консультациялар өткөрүлдү. Бардык жабырлануучулар компьютердик томографиядан жана зарылчылыкка жараша лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, бардыгына […]Читать далее
Сузак районундагы жайлоодо кичи жүк ташуучу унаа сүзүп кетип, жабыркаган балдардын дарылануусуна президенттин фондунан акча бөлүндү, – деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Ташиевдин айтымында, президент Садыр Жапаров бул ишти иликтөө маселесин УКМКнын төрагасына тапшырган. “Жандандыруу бөлүмүндө жаткан балдардын ар биринин дарылануусуна президенттик фонддон 200 миң сомдон […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 2-майда Сузак районунда массалык иш-чара учурунда окуучуларды унаа сүзүп кеткен окуяга байланыштуу комментарий берди. “Учурда укук коргоо жана прокуратура органдары менен биргеликте изилдөө иштери жүргүзүлдү. Айрым ЖМКлар таратып жаткан террордук же кылмыштуу аракеттер боюнча маалыматтар аныкталган жок. Бул жерде кырсык […]Читать далее