Россиянын Ленинград облусунда кафеден чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын биринин абалы оор. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, 16-февралда Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы жеке менчик кафеден өрт чыгып, анын кесепетинен 5 Кыргызстандын жараны ар түрдүү даражадагы күйүк алган. “Бир кыргызстандык өтө оор абалда ооруканага жаткырылган. Эки жаран Ленинград облустук ооруканасынын күйүк борборунда дарыланууда, ал […]Читать далее
Бишкек шаарындагы “Бишкек Парк” соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча өрт электр зымдарынан чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 06:14төн тарта 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 08:05те толук өчүрүлдү.Читать далее
Улуттук Кардиохирургия жүрөк жана органдарды трансплантациялоо институтунан чыккан өрт боюнча
Улуттук Кардиохирургия жүрөк жана органдарды трансплантациялоо институтунан чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Биринчи Май РИИБнен билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси (Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) беренеси менен козголуп, бардык экспертизалар дайындалды. Эске салсак, кечээ кечинде Кардиохирургия институтунун имаратында өрт чыккан. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бейтаптар башка ооруканаларга эвакуацияланган, бирок тилекке каршы реанимацияда эки бала каза […]Читать далее
Өрт учурунда Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун жанданыруу бөлүмүндөгү эки бейтап көз
Өрт учурунда Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун жанданыруу бөлүмүндөгү эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди. Анын айтымында, өрт жер төлөдөн башталып, имаратты түтүн каптаган. “Жандандыруу бөлүмүндөгү бейтаптар операциядан соң өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Өрттөн улам бейтаптар коңшу жайгашкан Кардиология борборунун реанимация бөлүмүнө эвакуацияланган. Бирок, реанимациялык иш-чараларга карабастан эки бейтап […]Читать далее
Бишкекте Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун имаратынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Тоголок Молдо көчөсү, 3/2 дарегинде жайгашкан институтта чыккан өрттү өчүрүүгө жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо саат 22:33тө чектөөгө алынып, саат 23:15те толук өчүрүлдү. Кырсыктан 260 адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Алардын 216сы бейтаптар болсо, ал эми 44ү […]Читать далее
Кыргызстанда былтыр 3 миң 148 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери Айбек Каниметов радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, былтыр өрт кырсыгы 2023-жылга салыштырмалуу аз катталган. Бирок өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны өскөн. “2024-жылы 47 адам набыт болсо, анын жетөөсү балдар. Материалдык чыгымдын көлөмү […]Читать далее
Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда унаа ташыган оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн саат 11:02де Тоң районуна караштуу Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 156-чакырымында унааларды ташуучу чоң автоунаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Балыкчы шаарынан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:54тө өрт […]Читать далее
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова менен авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын үч жаранынын абалы тууралуу сүйлөштү. Ведомствонун маалыматы боюнча, алардын биринин абалы оор, экөөнүн абалы орто. “Казакстандык медицина кызматкерлери өз убагында керектүү жардамдарды көрсөтүп, учурда жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта. Алымкадыр Бейшеналиев казак кесиптештерине кесипкөйлүгү жана ыкчам аракети үчүн […]Читать далее
Казакстандагы учак кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктар Мангистау облустук ооруканасында дарыланууда
Тышкы иштер министрлиги Казакстанда учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын абалы тууралуу маалымат берди. Казакстан медициналык жайларынын кызматкерлеринин берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын үч жараны — 2004-жылы туулган А.Р.Т., 1998-жылы туулган О.Т.М. жана 1988-жылы туулган Д.Э.Д. — азыркы тапта Мангистау облустук көп тармактуу ооруканасында дарыланууда. “Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, учурда А.Р.Т.нын абалы оор деп бааланууда. Калган кыргызстандык […]Читать далее
Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кырсыкка кабылган учактагы үч кыргызстандыктын абалы кандай экендигин кабарлады. Мекеменин маалыматы боюнча, Казакстанда кырсыкка кабылган учактагы үч кыргызстандыктын ичинен А.Р. жана О.Т. аттуу эки адам тирүү, ал эми дагы бир жарандын абалы тууралуу маалымат такталып жатат. Учурда Казакстанда тиешелүү органдардан турган республикалык штаб түзүлдү. ТИМ Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги коңшу өлкөнүн мамлекеттик […]Читать далее