Көк-Мойнокто кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу КР ӨКМнин пресс-борборунан билдиришти. 25-март күнү, саат 11:20 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок — 2 айылынын тилкесиндеги ачык аянтта кайрадан өрт чыкты. Жеринде өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 11:35де Ысык-Көл райондук ӨКБдан 1, жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылды. Мындан сырткары Токой […]Читать далее
Көк-Мойнок: ачык аянттагы өрт толугу менен өчүрүлдү, деп билдирди КР ӨКМнин пресс-борбору. Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок—2 айылындагы ачык аянтта чыккан ири өрт саат 21:30да толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен 2 сарай жана 1 үйдүн дубалы, болжол менен 50гектар аянттагы куураган чөп, бадалдар, бак-дарактар күйгөн. Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн […]Читать далее
Боомдогу “Кербен” тамактануучу жайынын жанында чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борборунан маалымдашты. 24-март күнү, саат 12:55те Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Балыкчы-Бишкек унаа жолунун 38-чакырымында жайгашкан “Кербен-Сарай” тамактануучу жайынын маңдайындагы ачык аянтта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Саат 14:10дө өрт чектөөгө алынып, саат 15:10дө […]Читать далее
Көк-Мойнокто ачык аянтта өрт чыкты. Бул тууралуу КР ӨКМнин пресс-борборунан билдиришти. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча, Көк-Мойнок 2 айылында ачык аянтта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 2 авариялык куткаруу унаасы, 1 мотопомпа, 28 куткаруучу жана Токой чарбасынан 2 мотопомпа, 16 кызматкер иш алып барууда. Ошондой […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бүгүн саат 07:00дөн тартып Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесине 18 чатыр орнотула баштады. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 15 куткаруучусу тартылды. Чатырлар кооптуу жерден 2 км 200 метр аралыкта жайгашып, таза суу жана электр энергиясы орнотулду. […]Читать далее
Ош облусунун Өзгөн районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, тургундар коопсуз жайга толугу менен көчүрүлдү. КР ӨКМнин пресс-борборунан билдирди. Өзгөн районунда 22-март күнү, саат 05:00 чамасында Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн. Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, үйлөргө 300 м аралыкта жетпей […]Читать далее
Бүгүн, 23- мартта саат 02:07де Таджикистандын аймагында очогунда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сүлүктү, Раззаков шаарларында 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Бүгүн саат 05:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу КР ӨКМ маалымат борбору кабарлады. Жер көчкү аталган тилкедеги 18 турак үйгө коркунуч жаратып, үйлөргө 300 метр аралык калган. Жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. Буга […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-март күнү, саат 22:47де Афганистан Республикасынын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргызстандын Ош облусу, Жалал-Абад облусу жана Баткен облусунда 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндө жайгашкан “Дордой Мурас” базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыгып, өрттүн жалыны жанындагы 4 контейнерге өттү. Бул тууралуу КР ӨКМ маалымат борбору кабарлады. Өрттү өчүрүүгө саат 01:38ден тарта ӨКМдин Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 02:19да чектөөгө алынып, саат 04:03дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн […]Читать далее