Жалал-Абад облусунда 8 ай ичинде 252 өрт кырсыгы катталды

 Жалал-Абад облусунда 8 ай ичинде 252 өрт кырсыгы катталды

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы, райондук, шаардык бөлүмдөрү тарабынан өрт коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча жыл башынан тарта 150 миңге жакын адамга лекция окулуп, 17 миңден ашуун жарандын катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ага карабастан облустун аймагында 252 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен өкүнүчтүүсү 7 жаран каза тапкан.

Тилсиз жоонун алдын алуу максатында бакшармалык тарабынан атайын иш-мерчем иштелип чыгып, район, шаардык бөлүмдөр тарабынан чарбалык объектилерде, мекеме-ишканалардын кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелери жана ис газына ууланып калуудан сак болуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүрүүдө.

Связанный пост