Бишкек шаарында бүгүн 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көмөктөшүү максатында борбордук коммиссиясы жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан шаардык штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйынга БШКнын төрөайымы Н.Шайлдабекова, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.Байгончоков, райондук мамлекеттик админисрация башчыларынын орун басарлары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясы […]Читать далее
Бишкектеги “Фламинго” паркынын аймагына 2026-жылы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары жолугуша турган конгресс-холл куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. “Фламинго” оюн-зоок паркы шаардын түштүк тарабындагы жаңы курулган “Ынтымак ордо” президенттик администрациясынын жанында жайгашкан. Учурда парктын жер тилкеси Президенттин иш башкармасынын балансына өткөрүлүп берилди. Туманбаевдин айтымында, 1997-жылы “Бишкек” эркин экономикалык аймагы менен “Борбор […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын июль айында Ош шаарында болгон селдин кесепетинен 1480 жабыр тарткан соодагердерлердин 522и компенсация алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ар бир ишкерге келтирилген зыяндын өлчөмү ар башка: 100 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин. 30га жакын соодагерге 1 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген. Бүгүнкү күнгө карата 522 ишкер мамлекеттен […]Читать далее
2024 – жылдын 9 айында ЖИКС маалыматтык тутумунда 2 181,7 миң баш ири мүйүздүү мал, 2,1 миң баш чочко, 502,0 миң баш жылкы активдүү (тирүү) статусун түзөт. Анын ичинен республика боюнча 2024 – жылдын 9 айында 496,4 миң баш ири мүйүздүү мал, 5,9 миң баш чочко, 11,7 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына (мындан ары – […]Читать далее
Бишкекке 288 даана коомдук транспорт сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, жыл соңуна чейин бюджеттин эсебинен алынып жаткан Isuzu маркасындагы 68 автобус келет. Ал эми 2025-жылдын 1-кварталында Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 120 электробус жана Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу 100 автобус алынат. […]Читать далее
Транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында 9 айдын ичинде өлкө казынасына 86 млн 248 миң сом түшүп, көрсөткүч 2 эсеге жакшырды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2024-жылдын 9 айынын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 520 794 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 150 протокол […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 10-октябрда мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелерине арналган кереге кеңеш өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Иш-чарага президенттин администрациянын өкүлдөрү, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетекчилиги, ЖОЖдордун ректорлору, профессорлор, окутуучулар, коомдук ишмерлер, жаштар жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Кереге кеңештин негизги максаты – мамлекеттик тилдин позициясын мындан […]Читать далее
Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Эмгек кодексине ылайык, 7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жумуш эмес майрам күндөрү катары аныкталды. Бул күндөр бейшемби жана жума күндөргө туура келгендигине байланыштуу жумасына беш күн иштеген кызматкерлер 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс ала алышат.Читать далее
Энергетика министрлиги 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыз кылуу максатында тынымсыз иш алып барууда. Ведомстводон маалымдашкандай, учурда калктын көмүр сатып алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында өлкө боюнча көмүр отун базалары ачылды. Президентинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн оперативдүү маалыматтары боюнча, калк үчүн көмүр сатуу пунктарынын саны 477 түзөт. Мунун ичинен Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 11-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 12-октябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Ал эми Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын […]Читать далее