Жыл башынан бери 102 миң 771 ишкер “Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар” маалыматтык системасына катталып, аны колдоно баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан системаны бүгүнкү күндө 205 миң 416 субъект колдонуууда. Учурда 227 миң 327 активдүү кампа катталган. Ишкерлер “ЭТТК” системасына 3 млн 803,5 товардын аталыштарын киргизип, 26 млн 109,2 миңден ашык […]Читать далее
89 жаш курагында окумуштуу-хирург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор Эрнст Акрамов көз жумду. Ал 1936-жылы 24-июнда азыркы Бишкек, мурдагы Фрунзе шаарында төрөлгөн. КР илиминин эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, СССРдин эл депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты, КР илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КР Баатыры 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик […]Читать далее
Кыргызстандын туруктуу жашаган калкынын саны 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 91,7 миң адамга көбөйгөн, же 1,3%га өстү. 1-октябрга карата калктын саны 7 млн 254 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан 107,9 миң ымыркай катталган, […]Читать далее
Кыргызстанда апта ичинде 19 миң 378 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Анын ичинен: -Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1108; -Мас абалында унаа башкаруу – 221; -Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64; -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 581; -Унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – […]Читать далее
Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууларга комиссия алынбайт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, комиссиядан бошотуу 2024-жылдын 25-ноябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. – Комиссия алууга тыюу салуу жеке адамдар тарабынан банктардын жана төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелери, ошондой эле интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн которууларга тиешелүү. – Төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн […]Читать далее
Кыргыз элинин чыгаан уулу – КР Баатыры, Улуттук илимдер академиясынын академиги Мамбет Мамакеевич Мамакеевдин дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен билдиребиз. Ысымы жогорку кесипкөйлүктүн жана өз ишине берилгендиктин символуна айланган улуу кыргыз хирургу 98 жаш курагында арабыздан кетти. Мамбет Мамакеевич 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында туулган. Анын өмүр жолу сыноолорго жана кыйынчылыктарга жык толгон: ал […]Читать далее
Кыргызстанда “Кызмат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү.Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди. Аталган мекеме санариптик технологияларды колдонуу менен документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтүп, заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт. Мындан сырткары: Аймактарда жана шаарларда жаңы тейлөө борборлорунун курулушу башталат; Мурдагы тейлөө жайларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт; Калк үчүн ыкчам, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кызматтардын спектри кеңейтилет. […]Читать далее
ЖКККББда 10 айдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. ЖКККББнын борбордук аппаратында башкы башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробековдун жана орун басарынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчыларынын катышуусунда 2024-жылдын он айдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча онлайн кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды. Жыл башынан тартып, ЖКККББгы тарабынан жалпысынан 890миң 461 […]Читать далее
Бүгүн Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин аймагында жаңыдан курулган эки футболдук оюн аянтчасы ачылды. Иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты. Аталган оюн талааларын куруу иштери учурдагы жылдын апрель айында жүргүзүлө баштаган. 7 920 чарчы метрлик оюн талаасынын бири гибриддик каптоо жана олимпиадалык стандарттарга жооп берген чуркоо аянтчасы менен жабдылса, […]Читать далее
“Көчмөн Сити” турак жай комплекси курулуш компаниянын каражаты жоктугунан мамлекетке берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча Күн-Туу айылынын тургундары президентке кат менен кайрылышкан. “2022-жылы жеке компания 31 гектар жерди айыл өкмөттөн ижарага алып, 2 миң батирди айылдын жашоочуларына жер үчүн берүүнү убадалаган. […]Читать далее