2022-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Анда, Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин өздүк курамы шаардыктарга жана борбордун конокторуна саптык ыкмаларды жана дефилелерди көрсөтүштү. Ал эми “Пантера” атайын багыттагы аскер бөлүктүн десанттары Кыргыз Республикасынын, Коргоо министрлигинин, Улуттук гвардиянын жана Бишкек шаарынын […]Читать далее
Ысык-Көлдө “Манас эпосундагы аскер өнөрү” Эл аралык илимий-практикалык конференциясы уюштурулду
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 15-июлда, “Тамга” Аскер санаториясынын аймагында “Манас эпосундагы аскер өнөрү” темасында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек») – ар тараптан изилдөө жана папулярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” № 126 Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлдү. Иш-чарага ошондой эле […]Читать далее
Нарында 16 күндөн бери изделип жаткан карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан Нарын шаарынын 80 жаштагы Т.Ж., аттуу тургунунун сөөгүн бүгүн, 15-июлда Нарын дарыясынын жээгинен туугандары табышкан. Буга байланыштуу беш куткаруучу тартылып, адамдын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен. Эске салсак, 80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде […]Читать далее
“Мекенге кызмат кылуу, анын кызычылыгын коргоо үчүн өз элинин атуулу болуу аздык кылат”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов «Манас» эпосундагы аскер өнөрү» эл аралык илимий-практикалык конференциясында сүйлөгөн сөзүндө. Мамлекеттик катчынын сөзү: “Урматтуу аскер кызматчылары! Ардактуу окумуштуулар! Кадырлуу меймандар! Саламатсыздарбы! Баарыңыздарды «Манас» эпосундагы аскер өнөрү» эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылуу аземи […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Индиядан келген туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолукту. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда Кыргызстындын туристтик дарамети жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар берилип, өлкөнүн имидждик ролиги көрсөтүлдү. Азамат Жаманкулов өз сөзүндө Кыргызстандын кооз жаратылышын, бийик тоолорун жана дүйнө коомчулугун өзүнө бурган көчмөн маданияты тууралуу айтып, Кыргызстанда өтүп келген […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматы жана Маевка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Төмөнкү-Аларча айыл аймагында алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Бул күнү милициянын көчмө кабылдамасы айыл тургундарынын ар кандай кайрылууларын кабыл алуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, кээ бир маселелерди жеринде чечишүүдө. Иш-чара учурунда Төмөнкү-Аларча айылындагы жол жээгинде ирээтсиз соода кылган […]Читать далее
“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү динамикасы тууралуу айтып берди. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкү адамдарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү: – майыптыгы бар балдарга – 4миң сомдон 8 миң сомго чейин; – ата-энесинин биринен ажыраган балдар – 1 миң сомдон 2 миң сомго […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон райондорунун жашоочулары үчүн 2022-жылдын 18-июлунан тартып 12-августуна чейин өтө турган «Акысыз укуктук жардам» акциясынын башталышы жөнүндө жарыялайт. Иштин максаты – акыйкаттыкка, укуктун үстөмдүгүнө, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Ал эми иш-чаранын максаты жарандарга ар кандай укуктук жана социалдык маселелер боюнча консультациялык-укуктук […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графигин бекитти. Ведомствонун маалыматына ылайык, сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоонун: – I туру – 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин; – II туру – 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин; – III тур […]Читать далее
Аламүдүн районунда авто унаалардан баалуу буюмдары уурудап жүргөн жаран кармалды. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан авто унааларды ачып ичиндеги буюмдарды уурдоого шектүү жаран кармалган. 2022-жылдын 25-июнунда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө унаасынын айнегин сындырып, 18 000 сом акча каражатын жана алтын буюмдарын уурдап кеткен белгисиз адамга […]Читать далее