Бишкекте эки ДЕПОдо электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоо иштери жүрүп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, азыркы учурда Бишкек троллейбус башкармалыгынын аймагы жаңы электробустарды жайгаштыруу үчүн кайра даярдалып, ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 аймагы автобустар үчүн токтотуучу жайга ылайыкташтырылып, заманбап электр кубаттоочу жабдуулар орнотулууда. Буга чейин айдоочуларды үйрөтүү жана даярдоо максатында шаарга эки электробус келген. Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү […]Читать далее
Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал делген Аннапурна чокусуна кычкылтексиз чыгып, кыргыз туусун желбиретти. Кубатов социалдык тармактагы баракчасында билдиргендей, Непал өлкөсүндөгү деңиз деңгээлинен 8091 метр бийиктикте жайгашкан Аннапурна чокусуна кычкылтексиз 7-апрелде ийгиликтүү көтөрүлдү. “Жеңиш биздики элим! Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров берген ак жолтой туубуз эң коркунучтуу жана эң татаал чокуда Аннапурнада көтөрүлдү. Бул жеңишимди көп улуттуу […]Читать далее
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 2025-жылдын I жарымында 53 млн сом чогултту. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: эмгек акыга – 26 млн 380,9 миң сом; социалдык фондго – 4 млн 550,7 миң сом; киреше салыгына – 2 млн 638,1 миң сом жумшалды. Белгилесек, Ветеринардык кызматтын […]Читать далее
Күн мурун Бишкек шаарына Европа өлкөлөрүнөн туристтер менен биринчи туристтик поезд келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Буга чейин Lernidee Erlebnisreisen GmbH (Лернидее Эрлебнисрайзен ГмбХ) туристтик компаниясынын өкүлдөрү “Кыргыз темир жолу” ишканасына Кыргызстан аймагында темир жол аркылуу туристтик тур уюштуруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул кайрылууга мамлекеттик ишкана меймандардын каалоолорун эске алуу менен […]Читать далее
Кыргызстанда 218 миңден ашык майыптыгы бар адам каттоодо турат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, статистика жылдан-жылга өсүүдө. Буга чейин ЖК депутаты Винера Раимбачаева Жанузаковадан ведомство майыптыгы бар адамдардын өсүүсүнө мониторинг жүргүзөрүнө кызыккан. “Статистика оорулуулардын […]Читать далее
Кыргызстандагы мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоого багытталган “Евразиянын жашыл алкагы” улуттук экологиялык долбоорунун күнөскана комплексинде алдыдагы 15 жылда 7 млрд түп дарактын көчөттөрү отургузулат. Бул тууралуу долбоордун жетекчиси Тлеужан Каримов жеринде журналисттерге билдирди. Анын айтымында, долбоордун биринчи этабында бак-дарактардын сорттору изилденип, кийинки этаптарда күнөскананы кеңейтүү менен бир жылда 100 млн, кийин жылына 600 млн түп […]Читать далее
2024-жылы абактарда жаза өтөп жаткан 631 жаран паспорт алган. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарды документтештирүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуусунда айтылат. Белгиленгендей, Акыйкатчы институту тарабынан Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) мекемелеринде жазасын өтөп жаткан жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүп келет. Институттун кызматкерлери барган учурда соттолгондор тарабынан паспорт алууга жардам берүүсүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси жарандар үчүн жаңы кызматтын ишке киргенин маалымдайт: эми ФИОну — фамилияны, ысымды же атанын ысымын — өзгөртүү үчүн арызды «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн тапшырууга болот. Арыз берүү тартиби: «Түндүк» тиркемесинен «Аты-жөнүн өзгөртүү» кызматын тандоо; Өзгөртүү негизделген күбөлүктүн түрүн көрсөтүү; Жаңы аты-жөнүнүн маалыматтарын киргизүү; Зарыл […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги май айындагы майрамдык күндөрдүн алдында иш берүүчүлөргө жана кызматкерлерге эмгек мыйзамдарынын жумуш эмес майрам күндөрүндө иштөө тартибин жөнгө салган жоболорун эскертет. 2025-жылдын май айындагы жумуш эмес майрам күндөрү. Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, май айында төмөнкү жумуш эмес майрам күндөрү белгиленген: • 1–4, 6–8-май — май каникулдары; • […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борбору масштабдуу оңдоо кампаниясын баштоодо, анын максаты 2025-2026-жылдардын жылытуу мезгилинде ишкананын ишенимдүү иштешин камсыздоо болуп саналат. Кампаниянын алкагында бир казан агрегатты капиталдык оңдоодон өткөрүү жана 4 казан агрегатты утурумдук оңдоо, бир турбогенераторду капиталдык оңдоо жана 4 турбогенераторду утурумдук оңдоо, ошондой эле негизги жана көмөкчү жабдууларды оңдоп-түзөө иштери пландалууда. Оңдоо иштери бир нече […]Читать далее