Президенттин “Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын” ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова БУУнун башкы катчысынын биринчи орун басары – Амина Мохаммед, Аз өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана өнүгүп келе жаткан чакан арал мамлекеттер боюнча жогорку өкүлү – Фатима Рабаб, БУУнун башкы катчысынын жардамчысы, БУУӨП Администраторунун жардамчысы, БУУӨПтүн […]Читать далее
Түштүк Кореяда иштеп келген Кыргызстандын 96 жараны бир жолку төлөм алды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан бүгүнкү күндө Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн алуу үчүн кайрылгандардын саны 129 адамды түзөт. Алардан 96сына бир жолку төлөм төлөндү. Ал эми 33 адам чечимди күтүүдө. Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек […]Читать далее
Салык кызматы ашыкча төлөнгөн салыктарды кайтаруу же чегерүү үчүн онлайн сервисти ишке киргизди. Ведомстводон билдиришкендей, эми салык төлөөчүлөр салык органдарына барууга убакыт коротпостон, салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча ашыкча төлөмдү тез арада кайтарып же чегере алышат. Көптөгөн жарандар жаңылыштык менен каражаттарды туура эмес реквизиттерге которуп, салыкты, камсыздандыруу төгүмдөрүн же салыктык эмес төлөмдөрдү ашыкча төлөп койгон […]Читать далее
Кыргызстанда Чек ара кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында чек арачыларга кызматтык үйлөрдү тапшыруу аземинде белгилүү болду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек ташиев турак жайдын ачкычын тапшырууда мамлекеттик колдоонун далили катары үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап офицерлердин эмгек акысын 20 миң сомго көбөйтүү чечими кабыл алынды, ал эми октябрь […]Читать далее
“Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жыл башынан июль айына чейин 5 миң 881 даана жол белги өндүрдү. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол белгиден тышкары 10 миң даана катафот, полимердик-порошок боёкту колдонуу менен 7 миң 500 метр мамы сырдалып, даярдалды. “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси тарабынан Жол тейлөө ишканаларына келишимдин негизинде керектүү жол белгилер берилүүдө. Учурда бир […]Читать далее
Кыргызстандыктардын коррупцияга каршы күрөшкө ишеними өсүүдө, – деп жазды президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына. Анын айтымында, жакында Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнүн жыйынтыктары чыкты. Анда Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшкө болгон элдик ишенимдин көрсөткүчү салыштырылган. Мисалы, 2022-жылдын башындагы изилдөөсүндө мамлекет коррупция менен күрөшүп жатат деген ишеним 70 пайызга жетпеген болсо, 2025-жылдын ортосуна […]Читать далее
16-июлда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинин №5 батальонунда кызмат өтөгөн жоокердин асынып алгандыгы кабарланган. Жоокердин каза болгондугу тууралуу маалымат алгандан кийин Акыйкатчы институтунун Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аскер бөлүккө барып, мониторинг жүргүздү. Учурда Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында жайгашкан аскер бөлүктө 30 аскер кызматкери жана 90 жоокер кызмат өтөп […]Читать далее
2025-жылдын январь-май айларынын аралыгында Кыргызстан Өзбекстандык туристтер эң көп барган өлкө болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети кабарлады. Расмий маалыматтарга ылайык, быйылкы жылдын алгачкы беш айында 1 млн 189 миң 793 өзбекстандык жаран Кыргызстанга туристтик сапар менен келген. Бул көрсөткүч башка бардык мамлекеттерге салыштырмалуу эң жогорку орунду ээлейт. Мындан тышкары, өзбекстандык жарандар көбүнчө Тажикстанга […]Читать далее
2ГИС компаниясы өзүнүн багыттамасына кыргызча үн кошумчасын ишке киргизди. Бул тууралуу президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, компания бардык фразаларды кыргыз тилине ылайыкташтырып, колдонууга ыңгайлуу жана түшүнүктүү деңгээлде иштеп чыкты. Ага Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова менен рэп-аткаруучу Бегиштин үндөрү жазылды. Жыл башында комиссия 2ГИС компаниясынын өкүлдөрү менен […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо маселесине арналган талкуу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, талкууга эмгек министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова, өнөктөштөр жана бейөкмөт уюмдардын эксперттери катышты. Анда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттердин ишин күчөтүү маселеси каралды. Коомдук негизде түзүлгөн бул туруктуу иш алып барган комитеттерге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү […]Читать далее